Кыргызстанда кош бойлуу 28 аял коронавирустан каза болду
"Вирус жаңы болгондуктан, алгач оору жуктурган бойкат аялдарды кароо кыйын болду. Азыр абалды жөнгө салдык. Эпидемиологиялык талаптар аткарылууда",- деди ал.
Кыргызстанда төрөт жашындагы 1 млн. 200 миңдей аял бар. Жылына 160 миңден ашуун ымыркай төрөлүүдө.
Эне өлүмү боюнча чөлкөмдө Тажикстан биринчи орунда турат. (BCh)