Добавить новость
ru24.net
World News
Сентябрь
2021

Баткен: кыргыз-тажик чек арасында окуучулар сабалды

0
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагында мектеп окуучулары чырдаша кетип, кыргызстандык төрт окуучу жабыр тарткан.


Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен районунун акими Учкун Жоробаев билдирди. Анын сөзүнө караганда, окуя 23-сентябрда саат 13:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участогунда болгон.


“Алдын ала маалымат боюнча кыргызстандык 8-класстын төрт окуучусу мектептен кайтып келатканда Тажикстандын 11-классынын 30га жакын окуучусу кыргыз балдарын токмоктоп койгон. Кыргызстандык окуучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилди. Абалы жакшы”.


Бул окуядан кийин Баткен районунун акими, райондук ички иштер бөлүмүнүн, атайын кызматтын райондук бөлүмүнүн жетекчиси Тажикстандын Исфара районунун башчысы жана укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жолукту. Жыйынтыгында эки тарап чек ара аймагында жашаган элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана мыйзам бузгандарга чара көрүү тууралуу макулдашууга келди. Чек ара аймагында абал тынч.


Бул окуя боюнча Тажикстан тарап расмий маалымат бере элек.


Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыр-чатактар болуп турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жараат алган. Тажик тараптан 19 киши каза болуп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Тараптар бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (BTo)




 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Рейтинг WTA. Касаткина опустилась на 10-ю строчку, Рыбакина – на 7-ю, Киз вернулась в топ-15






Собянин: станция метро «Крымская» будет выполнена в морской тематике

Цена нефти Brent превысила 81 доллар за баррель впервые с конца августа

Больше 7 тысяч псковичей обратились за помощью в филиал фонда ​«Защитники Отечества»

Тахограф на грузовой автомобиль где заказать?