Башкы прокуратура №31 тергөө абагында жаткан ишкер Имамидин Ташовдун кыйноого кабылганы тууралуу арызы Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, бул фактыга байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) коопсуздук кызматы да кызматтык иликтөө жүргүзүүдө.
KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун апасы Саибжамал Абдукаимова уулу ушул жылдын июнь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгында кыйноого кабылганын билдирген. Бул тууралуу ал 29-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Имамидин Ташовдун иши боюнча соттук отурумдан кийин айткан.
Ишкер кыйноого кабылганы тууралуу абактан кат жазып, аны адвокатынан июнь айында апасына берип жиберген. Катта 11-12-13-июнь күндөрү аны тергөө абагынан жактоочусу жок алып чыгып, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында кыйнашканы жазылган.
30-октябрда ишкер атайын кызматтын тергөө абагында өзүнө кол салганы айтылып, ооруканага жеткирилген. Адвокаты Самат Матцаков анын курсагынын эки жери кесилгенин билдирген. Кийинчерээк ал Биринчи май райондук сотунун чечими менен Жаза аткаруу кызматынын №21 тергөө абагына жеткирилгени (бул жай №1 тергөө абагы деп белгилүү болгон) айтылган.
1-ноябрда Имамидин Ташовдун адвокаты Нурсултан Жаныбеков ал УКМКнын тергөө абагынан Юстиция министрлигине караштуу 31-мекемеге соттун чечими жок эле которулганын айткан.
Атайын кызмат Имамидин Ташовду быйыл 22-апрелде кармаган. Мекеменин маалымдашынча, ишкер Кыргызстандын чек арасын Казакстан тараптан мыйзамсыз кесип өткөн соң, Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган. (BTo)
Руководитель отдела дизайна сети цветочных студий FMART by flowwow Мариния Спиридонова рассказала о последних трендах во флористическом оформлении интерьера
Дочь Киркорова Алла-Виктория рассказала, почему решила не возвращаться в Россию
От «ЗИЛа» до «Новаторской». Три станции метро скоро откроются в Москве
Запуск New Shepard с шестью туристами отменен из-за сильного ветра в Техасе
Руководитель отдела дизайна сети цветочных студий FMART by flowwow Мариния Спиридонова рассказала о последних трендах во флористическом оформлении интерьера
Банк Куньлунь снова принимает заявки на открытие счета в китайском банке, Кадыров, Дроконов и партнёры оказывают сопровождение
Танцоры Бердска завоевали гран-при престижного конкурса
Привлечение инвестиций. Хабаровчане участвуют во всех секторах экономики
В Архангельской области многоэтажки на спецсчетах могут остаться без лифтов после 2030 года
В Алтайском крае учредили уполномоченного по борьбе с «болью и страхами» населения
На вёслах сквозь века: из Дубны в Архангельск стартовала поморская экспедиция на ёле и карбасе
Заместитель прокурора Архангельской области и Ненецкого автономного округа Павел Матанцев и Уполномоченный по правам человека в Ненецком автономном округе Екатерина Жданова проведут личный приём жителей Ненецкого автономного округа
На Троицкой линии московского метро провели технический пуск четырех новых станций
Руководитель отдела дизайна сети цветочных студий FMART by flowwow Мариния Спиридонова рассказала о последних трендах во флористическом оформлении интерьера
Завершился групповой этап Кубка по волейболу сидя «Герои нашего времени» среди ветеранов СВО
"Аэрофлот восстанавливает рейсы из Москвы в Самарканд"