“Алай” жана "Алай-2" клубдарына техникалык утулуш жазылды
Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатынын регламентине ылайык дисциплинардык комитет тарабынан “Алай” клубуна беш миң сом айып салынып, Ташланкулов ойногон “Алай” клубунун алты беттешине жана “Алай-2” клубунун бир беттешине техникалык утулуш жазылып, анын атаандаштарына үчтөн упай берилди.
Ошондой эле “Алай” клубунун директору Алмаз Сулайманов, “Алай-2” клубунун башкы машыктыруучусу Айбек Татанов футболго байланыштуу бардык ишмердүүлүктөн бир жылга чейин четтетилип, ар бири 10 миң сомдон айыппул төлөөгө милдеттендирилди.
Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасы болуп саналган Топ-лигада сегиз клуб ойнойт. Ушул күнгө чейин “Алай” жана “Дордой” клубдары сегизден оюн, калган алты клуб тогуздан оюн өткөрдү. Жалпысынан чемпионаттын оюндары төрт айлампада, 28 тур менен өтөт.
20-майга карата “Алай” клубу тогуз турдан кийин төрт упай менен 7-орунда жайгашып турат. Бир жума мурда дисциплинардык комитеттин чечими чыкканга чейин, 8-турдагы оюндардан кийин “Алай” клубу Топ-лиганын турнирдик таблицасында 17 упай менен көч башында келе жаткан.
"Алай" футболдук клубу 1960-жылы негизделген. Кыргызстандын төрт жолку чемпиону (2013, 2015, 2016, 2017). (ECh)
