Чехиянын президенти Милош Земан ANO партиясынын лидери, милилардер Андрей Бабишти экинчи жолу премьер-министрликке дайындады. Буга байланыштуу салтанат Пражский граддагы президенттик резиденцияда өттү.
Бабиш өкмөттү 17-июнга чейин түзүшү керек. Ушул күнү Чехиянын социал-демократтардын ANO менен келишим түзүү же түзбөө боюнча ички партиялык референдуму аяктайт. Социал-демократтар жаңы өкмөттөгү 15 орундун бешөөнү, анын ичинде тышкы иштер министрин алууга ниеттенип турат. Бабиш коалиция түзө алса, 10 июнга чейин депутаттардын колдоосун алыш үчүн өз өкмөтүн парламентке сунуштайт.
Былтыр октябрда өткөн шайлоодо Бабиш башында турган АНО аттуу кыймыл жеңип чыккан. Андан соң президент Милош Земан Бабишти премьер-министрликке дайындап, өкмөт түзүүнү тапшырган. Кийин бул өкмөткө парламент ишеним көрсөтпөй койгон.
Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Социал-демократиялык партиянын лидери АНО менен алдын-ала бийлик коалициясын түзүү боюнча макулдашууга кол койгону белгилүү болду. Бирок жергиликтүү медиада АНО менен Социал-демократтар парламенттеги коммунисттердин колдоосуна таянууну көздөп жатышканы тууралуу маалыматтар чыгып кеткен. Ушундан улам бир катар саясатчылар жана коомдук ишмерлер бул коммунисттердин бийликке келишине жол ачарын белгилеп, ага каршы болушууда.
5-июнда Чехиянын баш калаасы Прагада миңдеген адамдар борбордук аянтка нааразылык акциясын өткөрүп, премьер-министр Андрей Бабиштин кызматтан кетишин талап кылышты. Алар “Биз күчтүү өкмөттү каалайбыз!”, “Биз коммунисттердин бийликке келишине жол бербейбиз!” деген жазуулары бар кагаздарды көтөрүп турушту. Бабишке каршы акциялар жазында да өткөрүлгөн. Бул жолу демонстранттар өкмөт башчы кызматтан кетмейинче акция улана берерин айтышууда.
Андрей Бабиш – ири бизнесмен. Аны полиция жемкорлукка байланыштуу айыптап келет. Өкмөт башчы өзүнө коюлган дооматтарды четке каккан.
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»
В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Концертный директор для музыкантов. Концертный директор для певцов. Концертное агентство в Москве. Букинг агентство. Организация концертов и гастролей.
«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»
Неблагодарный батька или о чем говорил президент Белоруссии с делегацией Азербайджана?
CCTV: в Китае два человека выжили после попадания молнии на вокзале в Цзиньчжоу
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
За первые три дня Игр БРИКС сборная России завоевала 160 медалей