Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2018

Новости за 21.06.2018

Эрдоганды сынаган шайлоо

Azattyk.org 

Түркияда ушул жекшембиде кезексиз президенттик жана парламенттик шайлоо өткөнү турат. Азыркы президент Режеп Тайып Эрдоганга беш талапкер атаандаш болуп жатат. Ушул шайлоодон кийин Түркия парламенттик башкаруудан президенттик башкарууга өтөт.

Кыңыр ишке жараган кыргыз паспорту

Azattyk.org 

Эл аралык издөөдө жүргөн Тажикстандын жаранына кыргыз паспорту мыйзамсыз берилгени аныкталды. Оор кылмыш кылганы үчүн Интерпол аркылуу изделип жаткан Низомхон Жураев Украинада кыргыз паспорту менен кармалган. Мыйзамсыз паспорт берген деген шек менен Бишкектеги каттоо бөлүмүнүн кызматкери убактылуу кармоочу жайга камалды.

Москва: пенсия реформасына каршы митингге тыюу салынды

Azattyk.org 

Москва шаарынын бийлиги оппозиция өкүлдөрүнө пенсия курагынын жогорулашына байланыштуу митинг өткөрүүгө уруксат берген жок. Баш калаанын мэриясы муну ушул тапта өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатына келген туристтердин арбындыгы менен байланыштырды.   Дүйнөлүк мелдеш жүрүп жаткан маалда Орусияда массалык иш-чараларды өткөрүүнүн өзгөчө тартиби бекитилген. Кандай гана массалык акция болбосун укук коргоо органдарынын макулдугу талап кылынат. 30 күн абакта отуруп чыккан оппозициялык активист... Читать дальше...

Ак-Талаага алма арбын тигилди

Azattyk.org 

Ак-Талаа районунда жети гектар жерге алма көчөттөрү тигилди. Жаратылышы катаал, картөшкөдөн башка өсүмдүк өспөйт деген аймактын тургундары үчүн алма багы чоң жаңылык болуп жаткан кез.

Түркмөнстан көп аял алууга тыюу салды

Azattyk.org 

Мексика аркылуу АКШга мыйзамсыз барган ата-энелер балдарынан мажбурлап ажыратылбай турган болду. Жаңы Зеландиянын премьер-министри көз жарды. Түндүк жана Түштүк Корея эки өлкөдө бөлүнүп, жылдап көрүшпөгөн туугандарды табыштыруу аракетинде. Түркмөнстан көп аял алууга тыюу салды.



Бишкек мэринин бүдөмүк абалы

Azattyk.org 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдарынын ичинен бийликте жалгыз калган Бишкектин мэри Албек Ибраимов өзүнө козголгон кылмыш ишинде "саясий себеп бар" деп билдирди.

Израилдин премьер-министринин аялына айып тагылды

Azattyk.org 

Израилдин прокуратурасы өкмөт башчы Беньямин Нетаньяхунун жубайы Сара Нетаньяхуга мамлекеттик резиденцияда жашап, бирок тыштан тамак алдырганы үчүн расмий айып такты. Прокуратуранын айыптоосунда мамлекеттик резиденцияда ашпозчу бар экендигине карабай, өкмөт башчынын аялы жалпы жонунан 100 миңдей долларга кымбат ресторандардан тамак алдырганы белгиленет. Бул акча мамлекеттин эсебинен төлөнгөн. Сара Нетаньяху буга чейин башка мыйзамдардын бузулушуна байланыштуу да айтыпталган, бирок алар бул корутундуга кирген эмес. Читать дальше...

Дуров Казакстан журналисттер союзунун сыйлыгын алды

Azattyk.org 

Орусияда "Telegram" жана "ВКонтакте" социалдык байланыш каналдарын түптөгөн Павел Дуров Казакстан журналисттер бирикмесинин "Интернет-долбоор" номинациясы боюнча атайын сыйлыгын алды. Бирикме тараткан маалыматта сыйлык Дуровго "цензурага жана Интернетте жарандардын ээн-эркин кат алышуусуна мамлекеттин кийлигишүү аракетине каршы темирдей бекем тургандыгы үчүн" ыйгарылганы айтылат. Сыйлыкка 12 журналист жана бир чыгармачыл топ татыктуу болду. Быйыл Орусиянын Роскомнадзор" мекемеси "Телеграм"... Читать дальше...

БУУнун өкүлчүлүгү Токтонасыровдун өтүнүчүн четке какты

Azattyk.org 

Бул тууралуу "Азаттыкка" Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги кеңсесинин алдына казакстандык блогер, активист Муратбек Тунгышбаевди колдоп чыккан активист Өндүрүш Токтонасыров кабарлады. - "Силер эл аралык абройлуу уюм катары жардам бергиле, позицияңарды билдиргиле" деп кайрылдым. БУУнун өкүлү чыгып, "биз 2015-жылдан кийин качкын макамын берүүгө түздөн-түз кийлигише албайбыз, мыйзамдар ага жол бербейт" деп жооп берди. УКМК Мамлекеттик миграция кызматына "силер өз ишиңерди кыла бергиле, биздин... Читать дальше...

Кыргызстанда Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңеши өтөт

Azattyk.org 

Кыргызстанда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезектеги жыйынын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Ага ылайык, саммит быйыл 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтөт. Уюштуруу комитетин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жетектейт. Анын курамына өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Чолпон-Ата шаарынын мэри, тиешелүү мекемелердин жетекчилери кирген. 2015-жылы Бишкекте өтчү... Читать дальше...

Жээнбеков милициянын тартибин бекемдөөгө чакырды

Azattyk.org 

Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков бүгүн ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алган учурда билдирди. Анда ички иштер органдарынын ишмердиги жана жүргүзүлүп жаткан реформалар талкууланды. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчы коррупция менен күрөштү күчөтүү, көчө кылмыштарынын алдын алуу, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин тартибин жана жоопкерчилигин бекемдөө боюнча иштерди жандандырыш керек экенин белгиледи. Мындан сырткары, коомдук жайларда жана курорттук аймактарда... Читать дальше...

Текебаевге "таңууланган" адвокатка сөгүш жарыяланды

Azattyk.org 

Өмүрбек Текебаевдин иши шаардык сотто каралып жатканда анын ооруп калган жактоочуларынын ордуна кирген адвокат Элмира Чоноеванын иш-аракеттери Адвокатуранын этика боюнча комиссиясы тарабынан мыйзамсыз деп табылып, ага сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Текебаевдин жактоочуларынын бири Таалайкүл Токтакунова кабарлады. Ал комиссиянын чечимин жаңы жагдай катары сыпаттаганын төмөнкүчө билдирди: - Комиссия "Чоноеванын сотко катышкандыгы мыйзамга туура келбейт" деген чечимге келип, ага сөгүш жарыялап жатат. Читать дальше...

Илмиянов Москвада экени кабарланды

Azattyk.org 

Президенттик аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Икрамжан Илмиянов Москва шаарында жүрөт. Бул тууралуу анын жакындары "Азаттыкка" кабарлашты. Маалыматка караганда, ал Орусияга апасын дарылатыш үчүн кеткен. Буга чейин Илмияновдун Америкада экени айтылып жаткан. Икрамжан Илмиянов мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бийликке келгенде алгач анын кеңешчиси, андан кийин президенттик аппараттын башчысынын орун басары болуп иштеген. Учурда ал КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү. Анын... Читать дальше...

“Чоң жетинин” элчилери Сенцовдун абалына тынчсызданып жатышат

Azattyk.org 

Киевдеги “Чоң жетиге” кирген өлкөлөрдүн элчилери орус түрмөсүндө ачкачылык кармап жаткан Олег Сенцовдун абалына терең тынчсыздануу билдиришти.   Бейшембиде жарыяланган элчилердин билдирүүсүндө түрмөдөгү украин жарандарын бошотуу «гуманитардык көз караштан алганда маанилүү кадам” болору айтылат. Бул абакта отурган адамдарды алмашуу жөнүндө макулдашуунун алкагында ишке ашса болору белгиленет. Украиналык режиссер Олег Сенцов Орусиянын абактарында отурган 64 украин жаранын бошотууну талап кылып 14-майдан бери ачкачылык кармап отурат. Читать дальше...

Трамп мигранттарды балдарынан бөлбөйт

Azattyk.org 

АКШда президент Дональд Трамп коңшулаш Мексика аркылуу анын өлкөсүнө мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген иммигранттардын балдарын ата-энесинен бөлгөн талаштуу саясатты токтотмок болду. Мыйзамсыз мигранттарга карата көрүлгөн андай чаралар Кошмо Штаттардын өзүндө да сынга алынып, айрым өлкөлөрдүн лидерлери да каршы пикирин билдиришкен.

Башкы штаб "жоокер сабалды" деген божомолду төгүндөдү

Azattyk.org 

Чүй облусунда жайгашкан Улуттук гвардиянын №701 аскердик бөлүгүндө 20-июнда 1995-жылы туулган Бек Бейшенбаев аттуу жоокер жараат алып, ооруканага жеткирилген. Буга чейин Интернеттеги маалымат булактары анын сабалганы тууралуу божомолдорду жазып чыгышка. Бирок Башкы штабдын басма сөз катчысы полковник Гүлзат Жарашева жоокер керебеттин темирин сүзүп алганын, окуядан кийин башын дароо "Юрфа" медициналык борборунун магниттик-резонанстык томографиясына (МРТ) тарттырганын айтып, эч кандай олуттуу жараат албаганын "Азаттыкка" кабарлады. Читать дальше...

Сузакта депутат Музаффар Исаковдун соту уланды

Azattyk.org 

Бүгүн Сузак райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаков баштаган тогуз адамдын ишин кароону улантты. Алардын арасында Таш-Булак айыл өкмөтүн Исаковго чейин башкарган Тайкожо Гиязов, Мамлекеттик каттоо кызматынын райондук бөлүмүнүн кызматкерлери бар. Соттук отурумга Исаков өзү катышканын “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Соттун жүрүшүндө күбөлөр суралды. Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаковго “Коррупция” беренеси менен өткөн жылдын башында кылмыш ишин козгогон.... Читать дальше...

Кремль Жон Болтон Москвага келатканын билдирди

Azattyk.org 

Кремль АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Москвага келатканын билдирип, бирок бул тууралуу кеңири маалымат берген жок. “Биз азырынча анын сапары болорун гана айта алабыз”, – деди президент Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 21-июнда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. Бир аз мурдараак Орусиянын “Интерфакс” маалымат агенттиги Вашингтондогу булактарына таянып Болтон кийинки аптада Москвага келип, Путин менен Трамптын болжолдуу жолугушуусуна даярдыкты сүйлөшөөрүн кабарлаган. Читать дальше...

Сот Айбек Калиевдин бөгөт чарасын өзгөрткөн жок

Azattyk.org 

Бүгүн Бишкек шаардык соту “Улуттук энергохолдинг” ишканасынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиевдин бөгөт чарасын карап, аны тергөө аяктаганга чейин абакта калтырууну чечти. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады. Буга чейин анын абактагы мөөнөтү 13-августка чейин узартылган. Калиевдин адвокаттары анын ден соолугу начарлаганын, абакта өнөкөт оорулары козголгонун белгилеп, бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүп сотко кайрылышкан. Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ)... Читать дальше...

Жаңы Зеландиянын премьер-министри көз жарды

Azattyk.org 

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн 21-июнда көз жарды. Бул кабарды өкмөт башчы өзү "Инстаграмдагы" баракчасына жарыялап, кызы жана анын атасы болуп чогуу түшкөн сүрөтүн чыгарды. 37 жаштагы Ардерн былтыр октябрда өкмөт башына келген. Кызматка киришкенден алты күндөн кийин кош бойлуу экенин коомчулукка жарыялаган.  Алты жумалык төрөттөн киийнки өргүүсүн алып, ымыркай кызын карайт. Бул учурда анын милдетин вице-премьер-министр аткарып турат. Буга чейин Беназир Бхутто 1990-жылы Пакистандын... Читать дальше...

Эл аралык коомчулук Украинанын коррупцияга каршы аракеттерин колдоду

Azattyk.org 

Кошмо Штаттар жана Эл аралык валюта кору Украинанын коррупцияга каршы сот түзүү жөнүндө мыйзамды кабыл алганын кубаттап, аны менен бирге эл аралык институттардан насыя алуу үчүн дагы реформалар зарылдыгын белгилейт. Шаршембиде Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Хизер Нойерт 11-июнда кол коюлган мыйзам “украин эли ыңкылапта талап кылган Европа менен жаркын келечекке жетүүсүнө карай маанилүү кадам” деп айтты.   Эми Жогорку рада “мыйзамга толуктоо киргизип, ушул тапта каралып жаткан сот... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса