Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2018

Москва: пенсия реформасына каршы митингге тыюу салынды

0
Москва шаарынын бийлиги оппозиция өкүлдөрүнө пенсия курагынын жогорулашына байланыштуу митинг өткөрүүгө уруксат берген жок. Баш калаанын мэриясы муну ушул тапта өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатына келген туристтердин арбындыгы менен байланыштырды.  


Дүйнөлүк мелдеш жүрүп жаткан маалда Орусияда массалык иш-чараларды өткөрүүнүн өзгөчө тартиби бекитилген. Кандай гана массалык акция болбосун укук коргоо органдарынын макулдугу талап кылынат.


30 күн абакта отуруп чыккан оппозициялык активист Алексей Навальный элди 1-июлга пландалган акцияга чакырган.


Орус өкмөтү сунуш кылган мыйзам долбооруна ылайык, буга чейин аялдар 55 жашында эс алууга чыкса, жаңы сунуш боюнча 63, эркектер болсо 60 эмес, 65 жашында чыгууга тийиш. 19-июнга карай 1,5 миллиондон ашуун киши реформага каршы Интернеттеги петицияга кол койду.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса