Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов тергөө аяктаганча деп, 29-августка чейин камалды. Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу 19-июлда Ибраимовдун бөгөт чарасын карап, ушундай чечим чыгарды. Адвокат Сергей Слесарев соттун чечими мыйзамсыз болгонун, кылмыш ишти козгоого негиз жок экенин белгилеп жатат. Анын айтымында, Ибраимовдун бөгөт чарасын караган соттук жараян учурунда судьяга ишенбөөчүлүк көрсөтүлдү. Бирок сот аны четке какты. Адвокат Сергей Слесарев мурдагы мэрди камакка алган чечимге макул эместиктерин билдирип, шаардык сотко арызданышарын да кошумчалады.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдына 50дөй киши Албек Ибраимовдун камалышына нааразылыгын билдирип турушту. Өзүн Ибраимовдун жердешимин деп тааныштырган Анарбек Кошокбеков "иштеген адам камалып, адилеттик болбой жатканын" белгиледи.
Албек Ибраимов кылмышка шектүү катары бүгүн, 19-июлда кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жеткирилген.
УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов тараткан кабарда ал тергөөгө бир нече жолу чакырылганы, бирок эгер кармала турган болсо куралчан каршылык көрсөтөрүн билдирип коркутканы белгиленген. Ошондой эле анын тиешеси бар делген бир нече кылмыш иши тергелип жатканы айтылган.
УКМКнын маалыматына караганда, Ибраимов “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар деп шектелүүдө.
13-июлда Бишкек шаардык кеңеши Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ал иштен алынган. Мэрдин милдетин азыр анын орун басары Бакытбек Дүйшембиев аткарууда. (КЕ)
Dustborn let me smash fascists and flirt with my situationship on a road trip across America
Прохождение элитного подземелья «Лесной алтарь» в Tarisland
The latest friendship-ruining co-op game on Steam is a punishing platformer where you're chained to your pals, and it's about to crack 100,000 concurrent players
'Maybe this new Stardew Valley-like game is pretty good' I said to myself after blearily noticing I'd played it until 2 in the morning
Курсанты Пермского военного института Росгвардии приняли участие в межведомственной олимпиаде по дрессировке служебных собак
Вратарь «Композита» об игре на Сахалине в 4 утра по Москве: «Как выползли из самолета – поняли, что нас ждет. Из аэропорта – сразу на стадион, когда горели 0:3, осознал – сил нет. Хорошо, никто не уснул, ха-ха»
Контрольный матч. "Спартак" обыграл "Торпедо".
Подведены Итоги Национальной Премии «Спорт и Россия - 2024»