Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2018

Новости за 06.07.2018

Жайкы эс алуу балага дем берет

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку мезгилде ата-энелер балдардын жайкы эс алуусун пайдалуу өткөргөнгө аракет кыла баштагандай. Ар кандай эл аралык уюмдар же жеке менчик лагерлер иштеп жатканы менен, алардын саны азырынча аз. Заманбап шарты бар лагерлер жана эс алуу жайлары Кыргызстандагы балдардын басымдуу бөлүгү үчүн кыял бойдон калып келет.

Майрам күнү Алматыда эки киши кармалды

Azattyk.org 

Ушул күндөрү Казакстандын Астана менен Алматы шаарларында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 6-июлда борбор Астананын негизделгендигинин 20 жылдыгы белгиленип, ага Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын президенттери да катышты. Бул күнү казак президенти Нурсултан Назарбаевдин да туулган күнү. Ал 78ге чыкты. Эки шаарда тең маараке өтө турган аймактар тосмолонгон. Ал тапта жума күнү кечке жуук Алматыда бир кишини полиция кармап, атайын унаа менен алып кетишкенин “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Читать дальше...

Таиланд: Үңкүрдөгүлөрдүн үмүтү үзүлө элек

Azattyk.org 

Таиландда үңкүрдө калган балдарды куткаруу иштерине катышкан суучул каза болду. 6-июлда Самарн Кунан үңкүрдө калган балдарга кычкылтек толтурулган баллонду жеткирип келатып, өзү суу алдында аба жетпей мерт болду. Эки жума мурун кырсыкка кабылган балдарды куткаруу иштери дагы эле уланып жатат.

АКШнын мамкатчысы Пхеньянда бийлик өкүлдөрү менен жолугууда

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 6-июлда Пхеньянда Түндүк Кореянын бийлик өкүлдөрү менен жолугушту. Ал өлкөнү өзөктүк куралдан арылтуунун деталдуу планын иштеп чыгууга жана Корей согушу учурунда өлгөн америкалык аскерлердин сөөктөрүн алып кетүүгө далалаттанып жатканы кабарланган. Коштоп жүргөн журналисттердин маалыматына караганда, Помпео ушул кезге чейин генерал Ким Ен Чхол менен жолукту. "Бүгүнкү жолугушуу чынында маанилүү" деген анда өлкө лидеринин оң колу саналган Ким Ен Чхол. Жооп иретинде... Читать дальше...

Орусия жооп иретинде АКШ товарларына бажы алымын киргизди

Azattyk.org 

Орусия Кошмо Штаттарынан келе турган товарларга 25-40% бажы алымын киргизди. Мындай чечим Вашингтондун болот менен алюминийге салык салганына байланыштуу кабыл алынган. Бул тууралуу Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлигине таянып «Интерфакс» агенттиги кабарлады. Министрлик жооп чараны караштырган документке өкмөт башчы Дмитрий Медведев кол койгонун белгилейт. Кошумча бажы алымы айрым курулуш техникаларына, мунай-газ жабдыктарына, металлды кайра иштетүүчү аспаптарга жана оптоволокного киргизилген. Читать дальше...

Жүзгө жетпей калган согуш ардагери

Azattyk.org 

Бүгүн Ысык-Ата районунун Өтөгөн айылынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Муратаалы Будайчиев 99 жашында көз жумду. Аны акыркы сапарга узатууга Башкы штабдын оркестри жана Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери келишти. Ардагердин артында 8 баласы, 47 небереси жана 18 чөбөрөсү калды.



Өзбекстандык калыс футбол чемпионатынан кетти

Azattyk.org 

Өзбекстандык футбол калысы Равшан Ирматов Орусиядагы дүйнө чемпионатын тейлөөдөн кетти. Буга анын жардамчысынын жараат алганы себеп болду. ФИФАнын эрежелери боюнча бир бригададагы калыстарды алмаштырууга жол берилбейт.   41 жаштагы Ирматов буга чейин дүйнө чемпионаттарында 11 жолу башкы рефери болгон. Орусияда өтүп жаткан биринчиликте ал Аргентина-Хорватия жана Испания-Марокко беттештерине калыстык кылган. Ирматов 2003-жылы ФИФАнын арбитри болгон. Ошондон бери абройлуу мелдештерди тейлеп келди. Читать дальше...

Теракт жасагандар өлүм жазасына тартылды

Azattyk.org 

Жапон өкмөтү өлкөнүн тарыхындагы эң ири теракт үчүн жоопкер Аум Синрикё деген сектанын лидери менен кошо алты киши өлүм жазасына тартылганын ырастады. Таиландда эки аптадан бери үңкүрдө турган балдарды куткаруу иштерине катышкан суучул каза болду.

Пакистандын мурдагы премьер-министри 10 жылга кесилди

Azattyk.org 

Пакистандын антикоррупциялык соту мурдагы өкмөт башчы Наваз Шарифти 10 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн мамлекет эсебине өткөрүүнү буйруду. Чечим 6-июлда чыкканын анын адвокаты Музаффар Аббас билдирди. Шариф азыр Пакистанда эмес. Ал Лондондо, ооруканада жаткан аялынын жанында экени болжолдонууда. Мурдагы өкмөт башчы коррупция боюнча айыпталып, былтыр кызматтан кетирилген. Тагыраагы кызы жана уулу оффшор аркылуу өлкөдөн каражатты чыгарып, Лондондо кымбат баалуу мүлк сатып алганы белгилүү болгон. Читать дальше...

Секта мүчөлөрү өлүм жазасына тартылды

Azattyk.org 

Жапонияда өкмөт өлкө тарыхындагы эң ири теракт үчүн айыптуулар өлүм жазасына тартылганын ырастады. "Аум Синрикё" деген сектанын лидери Сёко Асахара менен бул топтун башкы алты жактоочусуна чыгарылган өкүм бүгүн эртең менен аткарылган.

Британ полициясы кайрадан "Новичокту" издөөдө

Azattyk.org 

Британиянын полициясы Эймсберидеги эки адам жабык жерде турган буюмду кармагандан кийин нервди шал кылуучу "Новичок" затына ууланышканын билдирди. Ушул тапта жүздөн ашуун полиция Солсбери жана Эймсбери шаарларында иликтөө жүргүзүп, өмүргө коркунуч туудурчу уунун изин табууга далалаттанууда. Жекшембиде Эймсбериде аял-эркек эс учун жоготкон абалда табылган. Кийинчерээк алар Советтер Союзунда жасалган «Новичок» тобундагы затка ууланганы маалымдалган. 4-мартта мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлия да «Новичоктон» ууланып... Читать дальше...

7-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

7-июлда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 15...20, күндүз 34...39, Таласта түнкүсүн 14...19, күндүз 33...38, Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн 17...22, күндүз 34...38, Ысык-Көлдө түнкүсүн 10...15, күндүз 26...31, Нарын облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 28...33 градус болот. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 36…38 градуска чейин ысыйт.

Новости России
Москва

Топ-5 самых ярких зарубежных архитектурных проектов на первичном рынке Москвы


Бишкектин биринчи вице-мэри УКМКда сурак берүүдө

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Ренат Макенов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берүүдө. Бул жаңылыкты мэрия өкүлдөрү ырасташты. Андан алынган маалыматка ылайык, Макенов Бишкектин №12 кичи районундагы жер тилкеси мыйзамсыз түрдө бөлүнгөнүнө байланыштуу сурак берип атат. Ренат Макенов ал учурда Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчиси болуп туруп бул ишке тиешеси болгону айтылууда. УКМК Макеновдун суракка чакырылганы боюнча кийинчерээк маалымат болорун билдирди. Читать дальше...

Чукул билдирүү: катуу ысык болот

Azattyk.org 

7-июлдан 10-июлга чейин Кыргызстандын аймагында катуу ысык болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, бул күндөрү Чүй, Талас облустарында жана өлкөнүн түштүгүндө абанын температурасы 40 градуска чейин жетет. Ал эми башка аймактарда 36 градуска чейин ысыйт. Адистер күн өткөрүп албаш үчүн көчөдө көп жүрбөш керек экенин эскертишүүдө.  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул күндөрү дарыялардагы суу кирип, ташкындашы ыктымал экенин кабарлады. (BkA)

Астанадагы мааракеге коңшу өлкөлөрдүн лидерлери катышууда

Azattyk.org 

Казакстанда бүгүн борбор калаа Астананын 20 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленип жатат. 6-июль өлкө президенти Нурсултан Назарбаевдин да туулган күнү. Казакстанды эгемендик алгандан бери башкарып келген Назарбаев быйыл 78ге чыкты. Мааракеге коңшу өлкөлөрдүн – Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын президенттери да катышып жатат. Аларга адегенде калаада жаңы ачылган Эл аралык финансы борбору көрсөтүлдү.  Быйылкы мааракени утурлай ордо калаада эскерткичтер, велосипед жолу, бала бакчалар курулуп, парктар жаңыртылган. Читать дальше...

Польша быйыл 75 советтик эстеликти алып салышы ыктымал

Azattyk.org 

Польшанын Улуттук эскерүү институту быйыл Кызыл Армияга, советтик партизандарга жана аскер туткундарына байланыштуу 75 эстеликти алып салууну сунуш кылып өкмөткө кайрылды. Бул тууралуу «Коммерсантъ» басылмасы кабарлап, "алынууга тийиш" деп чечилген эстеликтердин тизмесин жарыялады. Советтик аскерлерге ыраазылыкты туюндурган эстеликтер Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин борбор Варшава баштаган ири шаарларда тургузулган. Былтыр Польшада имарат, объектилердеги коммунизмге же башка тоталитардык түзүлүшкө... Читать дальше...

КСДП "Атамбаев “Форумду” сатты" деген маалыматты төгүндөдү

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) имараты болгон “Медиа-Форумдун” ишканасы башка адамдарга сатылганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул жөнүндө “Медиа Форум” ачык акционердик коомунун башкы директору Адилет Жумалиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аталган имарат “Медиа Форум” ишканасына таандык жана маалымат каражаттарында айтылган “НПФ Форум” ишканасы менен эч кандай тиешеси жок. - “Атамбаев “Форумду” сатты" деген имиштер чагымчылдыкка жатат. “НПФ "Форумдагы" менчик ээсинин алмашышы бизге да... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Теннисисты Медведев и Рублев сохранили позиции в рейтинге ATP






Актёра из сериала "Склифосовский" задержали в Москве с наркотиками в трусах

Десятки тысяч свечей зажгли у Музея Победы в память о героях ВОВ

67-летняя нижегородка пострадал в ДТП с легковушкой и фурами

Строительство нового корпуса школы № 3 в Чехове завершили на 10%