Кыргызстандыктар Денис Тендин жакындарына көңүл айтууда
21-июлда Казакстандын Алматы, Астана шаарларында белгилүү спортчу Денис Тен менен коштошуу зыйнаты өттү.
Көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу Денис Тенди 19-июлда түштө Алматынын борбордук бөлүгүндө кылмышкерлер бычактап кетишкен. Полициянын маалыматына караганда, ага автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген эки белгисиз адам кол салган. Денис Тен алган жараатынан ооруканада каза тапкан.
Денис Тен 1993-жылы 13-июлда Казакстанда төрөлгөн. Ал 2014-жылы Сочиде өткөн Олимпиадада коло медаль тагынган. Андан бир жыл мурда Дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган. (TSh)
