Ирак чек арасында ирандык он аскер каза болду
Кагылышуу күрт куралчан оппозициячылары активдүү аймакта болгон. Бир нече жоочу да өлтүрүлгөн, бирок алардын так саны белгисиз.
“Фарс” агенттиги каза болгон аскерлер чек ара кызматкерлери экенин маалымдады.
Кол салууну Күртстандын “Эркин жашоо” аттуу партиясынын жоочулары уюштурганы айтылууда. Бул партия Түркиядагы “Күрт жумушчу” партиясы менен тыгыз байланышта экени белгилүү. (BCh)
