Орусиянын президенти Путин АКШнын лидери Трампты Москвага чакырганы тууралуу жума күнү Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарында БРИКС уюмунун саммитиндеги басма сөз жыйында билдирди:
- Жолугушуу боюнча президент Трамптын айткандарын жакшы түшүнүп турам. Анда жолугушуу өткөрүүгө каалоо бар, ага мен да даярмын. Биз президент Трампты Москвага чакырууга даярбыз. Анда мындай чакыруу бар. Мен Вашингтонго барууга да даярмын, - деди Путин.
Бирок ал эки президенттин жолугушуусу үчүн “туура шарт” болушу керектигин кошумчалады.
Орусия - АКШ президенттеринин алгачкы эки тараптуу сүйлөшүүлөрү 16-июлда Хелсинкиде өтүп, аны эки лидер тең “ийгиликтүү” деп баалашкан.
Хелсинкидеги кездешүүнүн соңунда Трамп Путинди быйыл күздө экинчи саммитке АКШга чакырганы белгилүү болгон.
Бирок ушул апта башында Ак үй Трамп Путинди чакырууну 2019-жылга калтырганын жарыялаган.
Мунун жүйөсү катары президент Орусиянын АКШда 2016-жылы болгон президенттик шайлоого кийлигишүүсү боюнча атайын прокурор Роберт Мюллердин иликтөөсү аякташын күтөрү айтылган.
16-июлдагы басма сөз жыйынында Путин менен катарлаш туруп жасаган айрым билдирүүлөрү үчүн Трампты өз мекенинде оппоненттери, өнөктөштөрү, медиа каражаттары кескин сындап чыгышкан болчу. Эртеси ал айрым сөздөрүнө тактоо киргизип, АКШда 2016-жылы өткөн шайлоого Орусиянын кийлигишкени боюнча АКШнын чалгын жамаатынын бүтүмүнө макул экенин, бирок анын шайлоо штабы менен Орусиянын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун кайрадан белгилеген. (UE)
АНДРЕЙ БЕЛОУСОВ И "СВЯТОЙ ЛЕНИН" ОТКЛЮЧАЮТ НАСТОЯЩИХ ПИРАТОВ?!
Вебкам-студия MONTANA в Санкт-Петербурге
«Я ВАС СПРАШИВАЮ, КТО ВЕРБОВАЛ ВАЗ, ЗЕЛЕНСКОГО?!» Записки Мессии по технике безопасности.
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Более 12 тысяч жителей Москвы и Московской области получают повышенную пенсию за работу в сельском хозяйстве
There is an early power up in Elden Ring: Shadow of the Erdtree that basically turns the game into Sekiro, but the description is so vague I didn't realize how good it was until 40 hours later
Model viewer forensics reveal that Elden Ring: Shadow of the Erdtree's Dancing Lion boss is actually two little guys piloting it around
'Maybe this new Stardew Valley-like game is pretty good' I said to myself after blearily noticing I'd played it until 2 in the morning
Dustborn let me smash fascists and flirt with my situationship on a road trip across America