Азербайжанда оппозициячыл лидер абактан бошотулду
Мамедов соттун чечимин "толук жеңиш" деп атай албай турганын, ал өзүн толук актоону соттон талап кылып келе жатканын айтты.
Европа кеңеши соттун Мамедовду бошотуу тууралуу чечимин кубаттап, Европа аймагында саясий туткундардын жана бейкүнөө адамдардын эркиндиги чектелбеши керек экенин белгиледи.
Мамедов "Исмаиллы шаарында наарызылык акциясын уюштурууга жардам" берген деген айып менен 2013-жылдын февраль айында камакка алынган. Сот аны 2014-жылдын март айында жети жылга абакка кескен.
Быйыл апрель айында "Республикалык альтернатива" кыймылы өзүн партия деп жарыялап, бирок мамлекеттик органдын каттоосунан өтпөй турганын кабарлаган.
