АКШ жана Ирандын делегациялары ушул жума соңунда Исламабад шаарына дагы бир ирет жолугушуусу мүмкүн. Бул тууралуу Рейтерс агенттиги бир нече булакка таянып жазды. 11-апрелде Пакистандын борбор калаасында 20 сааттан ашык созулган тарыхый жолугушуу майнапсыз аяктаган. Андан соң АКШ президенти Дональд Трамп Иран тарап тынчтык келишимин түзүү үчүн байланышканын билдирген.