Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2018

ДКО-2018: Казакстандын көкбөрүчүлөрү 3-орунду ээледи (видео)

0
Казакстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында коло байге алды. Бүгүн 7-сентябрда 3-орун үчүн болгон беттеште казак көкбөрүчүлөрү Орусиянын Москва облусунун командасын 17:1 эсебинде жеңди. Казакстандыктар жарым финалда Өзбекстанга 4:5 эсебинде жеңилип, алтын байге үчүн күрөштөн четтеп калган эле.







Алдыда финалда Кыргызстан менен Өзбекстандын командалары беттешет. Оюн саат 18:00дө башталат.


Мелдештин байге фонду 6 млн 200 миң сом. 1-орунга 3 млн сом, 2-орунга 1,5 млн, 3-орунга 1 млн сом акчалай сыйлык берилет. Андан сырткары мыкты оюнчуга жана мыкты аргымакка 100 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылат. (SDz/ECh)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса