Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2018

Новости за 21.09.2018

Хабиб-Конор: шоу башталды

Azattyk.org 

Ооба, достор 6-октябрга чейин саналуу күндөр калды. Эрежесиз мушташка кызыкпагандар да мындан ары бул спортко тартыла беришет. Себеби эки мыкты мушкер 6-октябрга чейин ар кандай шоу уюштуруп жүрө бермекчи. Ал эми шоу кимге гана жакпасын, туурабы?

Туристтер сүйгөн Сары-Өзөн

Azattyk.org 

"Азаттык +" бул ирет Чүйдүн кооз жерлерин көрүүгө келген туристтерди тартты. Соңку кезде четтен келгендер бул керемет өрөөндү жөө кыдырып жүргөнү байкалат. Чүй өрөөнүндөгү туризм кандай өнүгүп жатканын билгиңиз келеби?

Мэй: Брексит туюкка кептелди

Azattyk.org 

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй "Брексит" сүйлөшүүсү туюкка кептелгенин билдирди. Брюссель анын сунуштарынын негизги бөлүктөрүн четке какканын ырастады. Мэйдин планынын өзөгү келечекте Евробиримдик менен жалпы соода эрежесин сактап калуу. Бул «жумшак брексит» катары бааланып, соода  алакалары мурдагыдан көп өзгөрбөшү керек дегенди билдирет. Бирок 20-сентябрда Сальцбургдагы саммитте Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск ал план европалык базардын биримдигине доо кетирет деп баалаган.... Читать дальше...

Жогорку Соттун төрайымы кызматтан кетти

Azattyk.org 

Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева мыйзамга ылайык, үч жылдык мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кызматынан кетти. Ал 2015-жылдын 22-сентябрында шайланган. Жогорку Соттун маалымат катчысы Сюита Соурбаева жаңы жетекчи ишембиде шайланарын билдирди. Ордуна ким келери али белгисиз. - Талапкерлер тууралуу маалыматыбыз жок. Талапкерлер ошол күнү көрсөтүлүп, судьялар курамы тарабынан шайланат. Азыр 33 судья бар. Баары катышат. Эртең үч коллегиянын жетекчилери да шайланат. Анткени азыркы төрайымдын үч орун басары да кетишет. Читать дальше...

АКШ: соттордун "жолун" бууган жаңжалдар

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын Жогорку Сотунун судьялыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин дээрлик төрттөн бири Сенаттын колдоосуна ээ боло албай калган. Алдыда алардын айрымдарынын таржымалын айтып беребиз.

АКШ: сотторго көлөкө түшүргөн жаңжалдар

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын Жогорку Сотунун судьялыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин дээрлик төрттөн бири Сенаттын колдоосуна ээ боло албай калган. Алдыда алардын айрымдарынын таржымалын айтып беребиз.

Кулматов кыргыз жарандыгынан ажырайбы?

Azattyk.org 

Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкектин мурдагы мэри, абактагы Кубанычбек Кулматовдун жарандык паспортун жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылды.



Ошто балбанды сый менен тосуп алышты

Azattyk.org 

Ошто балбан Акжол Махмудовду Ош Эл Аралык аэропортунан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, спортчунун жакындары жана шаар жаштары салтанат менен тосуп алышты. Акжол Махмудов 19 жашта. Уландар (кадеттер) арасында Азиянын эки жолку, дүйнөнүн бир жолку чемпиону (2016-ж). 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин алган. 2018-жылы чоңдор арасында Азия чемпиону болуп, Азия оюндарында күмүш медалын тагынды.

Индия Пакистан менен сүйлөшүүдөн баш тартты

Azattyk.org 

Индия менен Пакистандын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу болбой калды. Буга талаштуу Кашмир аймагында индиялык үч полициячынын өлгөнү себеп катары көрсөтүлөт. "Биздин коопсуздук кызматкерлерибиздин Пакистандагы топ тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлүшү жана 20 почта маркасын басып чыгарып, терроризмди урматташы Пакистан ошол жолоюнан кайтпасын ырастайт", – деди Индиянын тышкы иштер министринин расмий өкүлү Равеш Кумар. Аз күн мурда Пакистан 2016-жылы индиялыктардын колунан ажал тапкан «Хизбул... Читать дальше...

ЕККУ: Донбасс мина көп табылган аймак

Azattyk.org 

Европа Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) атайын өкүлү Мартин Сайдик Донбасс дүйнөдөгү мина көп көмүлгөн аймак экенин билдирди. Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактар боюнча министрлиги, Донбассты минадан тазалоого 800 млн. доллар кетерин эсептеген. Андан мурда эксперттер 1 млрд. доллар, 10-15 жыл керек деп болжолдошкон. Өткөн жылы эл аралык HALO уюмунун саперлору Украина миналар менен жарылбай калган дары-дүрмөттөрдүн кооптуулугу боюнча бешинчи орунда деген тыянакка келишкен. Башаламан... Читать дальше...

Мигрант балдарды бекер окуткан уюм

Azattyk.org 

АКШ администрациясы Орусиядан аскердик учактарды сатып алганы үчүн Кытайга каршы санкция киргизгенин жарыялады. Казакстандык майып Жаслан Сулейманов абакта отурган кезде көргөн кыйноолор үчүн моралдык чыгым катары мамлекеттен 14 миң доллар талап кылууда.

АКШ Кытайга орус учагы үчүн санкция салды

Azattyk.org 

АКШнын администрациясы Кытайдын армиясына каршы санкция киргизгенин жарыялады. Вашингтондун билдиргенине караганда, мындай чара кытай тарап АКШнын Орусияга каршы экономикалык санкцияларын бузуп, бул өлкөдөн аскерий учактарды жана ракеталык системаларды сатып алганы үчүн көрүлдү.

КСДП өкмөттүн кышка даярдыгын сурады

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократтар фракциясы өкмөттүн кышка даярдыгын канааттандырарлык деп тапты. Фракция мүчөлөрү кагаз жүзүндө бардыгы кышка даяр экенин айтып, былтыркыдай абал дагы кайталанбашын өкмөттөн талап кылды. Бир катар депутаттар кышка карата электр энергиясы, жылуулук берүүнүн, көмүр менен камсыздоонун абалына кызыгып, алардын бааларын мамлекеттик жөнгө салуунун тартиби тууралуу маселе көтөрүштү.

Бишкектин эки көчөсү убактылуу жабылат

Azattyk.org 

Ишемби 22-сентябрда Бишкектин эки көчөсү түшкө чейин жабык болот. Бул тууралуу бүгүн “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады. Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 22-сентябрда Бишкек I - Бишкек II темир жол каттамынын 3778-чакырымындагы темир жол өткөрмөсүндө оңдоо иштери жүрөрү айтылды. Бул Бишкек шаарынын Асаналиев (мурдагы Некрасов) жана Толстой көчөлөрүнүн кесилиши. “Саат 09:00дөн 13:00гө чейин аталган аймакта транспорт каттамы жабылат... Читать дальше...

УКМК Кулматовдун паспорттору тууралуу түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кубанычбек Кулматовдун паспорттору тууралуу маалымат берди. Анда Кулматов 1995-жылы СССР убагында алган паспортун жоготуп койгонун айтып, Орусиянын паспортун жана жарандыгын алганы, кийин 2008-жылы 45 жашка чыкканы ал паспортун жаңылаганы, ошол эле учурда Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп турганы айтылат. Бирок, УКМКнын маалыматына караганда, орус паспортун алгандан бир жыл өтпөй, 1996-жылы Кулматов жоготуп... Читать дальше...

МакГрегор Нурмагомедовду оңой эле утарына ишенет

Azattyk.org 

Конор МакГрегор атаандашы Хабиб Нурмагомедовду оңой эле жеңип, UFC чемпиондук наамын кайтарып аларын билдирди. 20-сентябрдагы “тиктешүү” салтанаты учурунда экөө кайым айтыша да кетишти. Залга бир бөтөлкө виски көтөрө кирген МакГрегор апрелдеги окуяны улам эске салып жатты. Анда мушкер бир топ шериктери менен Нурмагомедов отурган автобуска кол салып, терезесин талкалаган. Орусиялык мушкер атаандашына караганда өзүн токтоо кармап отурду. - Бул акыркы тогуз айдагы үчүнчү беттешим. Билесиңерби, 26 беттештин биринде да утулган эмесмин. Читать дальше...

Баткендин 61 айылын таза суу менен камсыз кылуу долбоору башталды

Azattyk.org 

Баткенде 61 айылды таза суу менен камсыз кылуу иши башталды. Өкмөттүн бул облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы «Азаттык» радиосуна билдиргендей, учурда облуста 89 айылда таза суу көйгөйү бар. Облус башчысынын Ислам өнүктүрүү банкынын жана АРИС программасынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда бул банк  61 айылды таза суу менен камсыздоо долбоорун баштаганы маалым болду. Банк өкүлдөрү таза суу тартыла турган 61 айылдын кээ бирлерин кыдырып, практикалык жардам көрсөтүштү. Бул иштер жакын арада башталды... Читать дальше...

Сакманчың болуп барбасам...

Azattyk.org 

Абдиламит Матисаковдун “Өмүрдүн үзүмү” аңгемеси 1985-жылы жазылган. Сүйгөн жарынан ажырап, жалгыздыктын азабын тарткан айылдык жигиттин ички дүйнөсүн жазуучу мыкты ачып берген.

Сегизбаевге иш козгоо тууралуу дагы бир талап коюлду

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге карата кылмыш ишин козгоо тууралуу дагы бир талап коюлду. Бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда ички иштер министринин мурдагы орун басары Өмүрбек Эгембердиев, “Мээр жазы” коомдук бирикмесинин жетекчиси Ыргалай Бекмуратова жана "Саясий туткундарды коргоо" комитетинин мүчөсү Зульфия Марат ушундай талабын айтып чыгышты. Эгембердиев “мамлекеттик төңкөрүш аракетин жасаган” деген айып менен соттолгон саясатчыларга айып негизсиз тагылганын... Читать дальше...

Кытай менен Орусия АКШга эскертүү берди

Azattyk.org 

Кытай Курал-жарак департаментине жана анын жетекчисине салынган санкцияларды кайра алууну Кошмо Штаттарынан талап кылды.  - Кошмо Штаттарынын бул негизсиз аракеттерине Кытай катуу тынчсыздануу билдирет. Бул кадам эки тараптын мамилесине жана аскердик байланыштарга олуттуу зыян. Тез арада катасын оңдоп, санкцияны жокко чыгарууну талап кылабыз. Болбосо АКШ тарап сөзсүз кесепетин тартат,  - деди Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Гэн Шуан.   Ага удаа эле Кошмо Штаттарынын орусиялыктардын кара... Читать дальше...

Мамкаттоо кызматы соттон Кулматовдун паспортун жокко чыгарууну өтүндү

Azattyk.org 

Мамлекеттик каттоо кызматы Кубанычбек Кулматовдун жарандык паспортун жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылды. Мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда,  Кулматов 1996-жылы Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алган: - УКМК кылмыш иш козгогон 1996-жылы паспортту негизсиз алган деп. Ошондуктан биз азыр Биринчи Май райондук сотуна ошол паспортту жараксыз деп табуу тууралуу кайрылдык. Бишкек шаарынын мурдагы мэри жана Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси... Читать дальше...

Киевде демонстранттар менен полиция кагылышты

Azattyk.org 

Бейшембиде Киевдеги парламент имаратынын жанында полиция менен демонстранттар кагылыша кетти. Президент Петро Порошенко ичкериде депутаттардын алдында сүйлөп жатканда жүздөгөн киши Жогорку Раданын жанына чогулган. Алар  Донбасстагы согушка катышкан чет өлкөлүк ыктыярчыларды өз мекендерине өткөрүп берилишине каршы. Демонстранттар полициянын курчоосун жарып өтүп имаратка жетүүгө жулунушкан. Алар тартип сакчыларын карай петарда жана түтүн чыгарган граната ыргытышканы кабарланууда. Натыйжада бир нече киши, бир полициячы жабыркады. Читать дальше...

Танзанияда кеме оодарылып, өлгөндөр жүздөн ашты

Azattyk.org 

Танзаниянын Виктория көлүндөгү паром кырсыгынын курмандыктары 100 кишиден ашканы кабарланды. Сууга чөккөн дагы ондогон адам дайынсыз болгондуктан курмандыктар көбөйүшү ыктымал. Мванза аймагынын губернатору Жон Монгелла 37 кишини аман куткарышканын билдирди. Кырсык 21-сентябрда кеме Укара аралындагы пристанга жетерине аз калганда оодарылган. Паромдо 300дөн 500гө чейин жүргүнчү болгон деп болжолдонууда. Демейде киши ашыкча салынгандыктан так саны белгисиз. Анткени билет саткандар да, кемени башкарган экипаж да чөгүп кеткен. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса