Кыргызстанда 400дөй мечит каттоосуз иштеп жатат
- Негизинен уруксатсыз жерге курулуп калган, жер маселеси талаш, имараты жаңы, бирок документи эски имараттыкы бойдон жүргөн, ашар ыкмасы менен салынып, техникалык талаптарга жооп бербеген 400дөй мечит каттоодон өтө элек болууда. Бирок бул багытта иш жүрүп жатат. Маселен, былтыртан бери 200гө жакынын каттоодон өткөрдүк.
Эргешов мечиттердин ишмердүүлүгү сандан сапатка өтүшү зарыл деген талап коюлуп жатканын кошумчалап, аларды каттоо иши 2020-жылы толук бүткөрүлөрүн билдирди.
Комиссиянын жетекчиси белгилегендей, мечиттерге мазмун жагынан да талап күчөтүлүп жатат. Маселен, мурда намаз учурунда окулуучу насааттын темасы көзөмөлдөнбөй келсе, азыр бардык мечиттерде муфтият айткан теманын тегерегинде сөз болууда.
Дин комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2647 мечит, 107 медресе, 10 ислам институту бар. Имамдардын саны 2800дүн тегерегинде.
Жалпысынан өлкөдө 3257 диний уюм каттоодон өткөн. Христиан багытындагылардын саны 399, калгандары башка диндердин өкүлдөрү. (RK)
