Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2018

Балдарды жана аялдарды коргоо маселеси Брюсселде талкууланды

0
Үй-бүлөдөгү зомбулук, өзгөчө, наристелерди уруп-кордоо коом үчүн көндүм көрүнүшкө айланууда. Бул маселелер БУУнун Өнүгүү программасынын Евробиримдиктеги өкүлчүлүгү 6-сентябрда Брюсселде (Белгия) өткөргөн тегерек столдо талкууланды. Кыргыз парламентинин мүчөсү Аида Касымалиева өз баяндамасында аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо боюнча мыйзамдардын аткарылышына, өзгөчө, эмгек мигранттарынын балдарынын кейиштүү абалына токтолду.


"Адам укуктары жана мыйзамдын үстөмдүгү боюнча Борбор Азия чөлкөмүндөгү кызматташтык" деп аталган бул жыйында аялдардын саясаттагы орду, ишкер аялдарды колдоо, улуттук парламенттеги депутат айымдардын өз ара кызматташуу маселеси да талкууланды. Жыйында Өзбекстандын жана Тажикстандын Адилет министрлеринин орун басалары, Казакстандын жана Түркмөнстандын Адам укуктары борборунун өкүлдөрү, белгилүү казакстандык укук коргоочу Евгений Жовтис да баяндама жасады.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса