Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2018

Танзанияда кеме оодарылып, өлгөндөр жүздөн ашты

0
Танзаниянын Виктория көлүндөгү паром кырсыгынын курмандыктары 100 кишиден ашканы кабарланды. Сууга чөккөн дагы ондогон адам дайынсыз болгондуктан курмандыктар көбөйүшү ыктымал. Мванза аймагынын губернатору Жон Монгелла 37 кишини аман куткарышканын билдирди.


Кырсык 21-сентябрда кеме Укара аралындагы пристанга жетерине аз калганда оодарылган. Паромдо 300дөн 500гө чейин жүргүнчү болгон деп болжолдонууда. Демейде киши ашыкча салынгандыктан так саны белгисиз. Анткени билет саткандар да, кемени башкарган экипаж да чөгүп кеткен.


Виктория Африкадагы эң чоң көл, Танзания, Кения жана Уганданын чек арасында жайгашкан. Көлдөгү 1996-жылкы ушундай кырсык 800дөн ашык кишинин өмүрүн алган.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса