ЕККУ: Донбасс мина көп табылган аймак
Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактар боюнча министрлиги, Донбассты минадан тазалоого 800 млн. доллар кетерин эсептеген. Андан мурда эксперттер 1 млрд. доллар, 10-15 жыл керек деп болжолдошкон.
Өткөн жылы эл аралык HALO уюмунун саперлору Украина миналар менен жарылбай калган дары-дүрмөттөрдүн кооптуулугу боюнча бешинчи орунда деген тыянакка келишкен.
Башаламан бекитилген жарылма куралдардын айынан украин өкмөтү көзөмөлдөгөн аймакта да, жикчилдер тарапта да чарба жүргүзүүгө дээрлик мүмкүн болбой калды.
2014-жылдан бери Донбасста украин өкмөтү менен орусиячыл жикчилдер кармашып келет. Кесепетинен он миң ашуун адам өлдү.
