Чехия коррупцияга айыпталган казак жаранын өз мекенине өткөрүп берди
2-июлда Казакстандын Башкы прокуратурасы тараткан маалыматта мамлекеттик акчаны кымырып алууга айыпталган Владимир Чаплинский Казакстанга экстрадицияланды. "Чаплинский 2007-жылы Балкаштагы мектеп курулушуна бөлүнгөн 39 миллион теңгени (115 000 АКШ доллары) уурдап алган деп шектелүүдө" деп билдирди Казакстандын Башкы прокуратурасы. Ал кылмыш иши козголгондон кийин өлкөдөн чыгып кетип, эл аралык издөө жарыяланган. Казакстан Чаплинскийди өткөрүп алууга жети жылдан бери аракет кылып келе жаткан... Читать дальше...