Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2018

Новости за 06.07.2018

Лейлектеги өрткө май чачкан кайдыгерлик

Azattyk.org 

4-июль күнү кечке жуук Лейлек районунда Тажикстан менен чек араны бөлүп турган чоң жолдун жээгиндеги жүк сактаган кампада өрт чыккан. Тилсиз жоо ээ бербей май куюучу жайга жармашкан. Өрттөн Кыргызстандын эки жараны жана тажикстандык төрт киши жабыркап, ооруканага түшкөн.

УКМК экс-министр Конгантиевдин иши кыскартылганын ырастады

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге 2010-жылы козголгон кылмыш иши айыпталуучунун кадамдарында “кылмыш аракети жок” деген жүйө менен 18-июнда кыскартылганын ырастады. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, мындай чечим Конгантиевдин адвокатынын арызынын негизинде кабыл алынып, кылмыш ишин кыскартуунун мыйзамдуулугун Башкы прокуратура текшерген. УКМК тергөөнүн жүрүшүндө Конгантиев 2010-жылдын 6-7-апрелинде... Читать дальше...

Жапонияда "Аум Синрикё" сектасынын мүчөлөрү өлүм жазасына тартылды

Azattyk.org 

Жапониянын юстиция министрлиги "Аум Синрикё" сектасынын жети мүчөсүнүн, анын ичинде негиздөөчүсү Сёко Асахарунун өлүм жазасы аткарылганын 6-июлда билдирди. Сектанын дагы алты мүчөсү өлүм жазасынын аткарылышын күтүп жатышат. Уюм Жапониянын тарыхындагы эң кандуу террордук чабуул үчүн айыпталган. 1995-жылдын 20-мартында сектанттар Токионун метросунда бир нече чабуул уюштуруп, элди зарин газына ууландырышкан. Натыйжада 13 киши өлүп, 6 миңдей адам жабыркаган. Теракт үчүн айыпталып сектанын 200дөн ашуун мүчөсү соттолуп... Читать дальше...

Таиланд: Үңкүрдөгү балдарды куткаруучулардын бири каза болду

Azattyk.org 

Таиландда үңкүрдө камалган балдарга жардам берүү учурунда куткаруучулардын бири каза болду. Самарн Кунан балдарга жардам жеткирип, кайра үңкүрдүн оозун карай сууга толгон өтмөктөр аркылуу кайтып келаткан. Жолдо анын кычкылтеги түгөнүп калганы кабарланды.  Ал куткаруу ишине ыктыярчы катары аралашып жүргөн. Таиланддагы жергиликтүү футбол командасындагы 12 бала машыктыруучусу менен кошо 23-июнда Тхам Луанг үңкүрүнө саякатка барып, кайткан эмес. Алар кирип кеткенде нөшөрлөгөн жаан жаап, үңкүрдөн чыга турган жолдор бөгөлүп калган. Читать дальше...

Быйыл Балыкчы-Корумду жолунун 71 чакырымы бүткөрүлөт

Azattyk.org 

Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Ысык-Көлдөгү жумушчу сапарында билдирди. Анын айтымында, азыркы учурга чейин бул жолдун 29 чакырымынан ашыгына асфальт-бетон төшөө иштери аяктады. Учурда жолдун 23-33-чакырымдарында эски асфальт-бетон катмары кырылып, негизги катмары төшөлүп жатат. Министр быйыл жалпысынан Балыкчы-Корумду жолунун жалпы узундугунун 71 чакырымынын курулушу бүткөрүлөрүн кошумчалады. Премьер-министр Абылгазиев... Читать дальше...

Өзбекстанда аялды кордогон милиционерге кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Өзбекстанда акча уурдоого карата шектүү аялды чечинтип, кордогон милиция кызматкери суракка алынганын “Азаттыктын” өзбек кызматынын атын атагысы келбеген булагы билдирди. Ал 4-июлда Каттакурган шаарына облустук прокуратура менен ИИМдеги атайын инспекциянын өкүлдөрү келип, милиция кызматкери Санат Умаровду түнү менен суракка алышканын айтат. - Эртең менен Умаровду облуска алып кетишти. Жабыркаган аял ушул жерде. Атайын инспекция менен облпрокуратура  кызматкерлерине көрсөтмө берип жатат, – деди Каттакурган милициясынын кызматкери. Читать дальше...

Былтыр ала качуу үчүн бир киши абакка кесилген

Azattyk.org 

2017-жылы кыз ала качууга айыпталган бир гана адам беш жылга кесилген. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында жарыяланган маалыматта айтылат. Кыз ала качуу боюнча былтыр 28 иш сотко жөнөтүлүп, 11 айыпталуучунун иши кыскартылган. Ал эми 16 адам шарттуу кесилсе, бир гана айыпталуучу беш жылга соттолгон. Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанда акыркы учурда аялдарга жана балдарга карата зомбулук күчөп жатканын билдирген эле. Премьер-министр эл аралык уюмдардын маалыматтарына таянып... Читать дальше...



Кытай импортуна карата АКШнын салыгы күчүнө кирүүдө

Azattyk.org 

6-июлдан тартып Кошмо Штаттардын Кытай товарларына импорт салыгын киргизген чечими күчүнө кирүүдө. Бул тууралуу бейшембиде АКШнын президенти Дональд Трамп билдирген. 25% салык айыл чарбасынан баштап учак тетиктерине чейинки 34 млрд. долларлык товарларга салынат. Эгер Кытай жооп катары чара көрө турган болсо, бул сумма эки жумадан кийин 50 млрд. долларга чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Трамп өз чечимин америкалык товарлар үчүн Бээжин өз базарын ачпай жатканы жана америкалык компанияларды коргоо зарылдыгы менен түшүндүрүүдө. Читать дальше...

ИИМ ала качуунун жазасын күчөтүүнү сунуш кылды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кылмыш-жаза кодексине кыз алуу качууга жазаны күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылууда. Тиешелүү өзгөртүүлөрдү камтыган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Өкмөттүн расмий сайтына жарыяланган долбоордо Кылмыш-жаза кодексинин 154-155-беренелерине өзгөртүү киргизип, кыз ала качкандарды беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен 300 миң сомго чейин айыппул салуу каралууда. ИИМ ала качуу өнөкөтү азыр да курч маселе бойдон калып, буга чейинки көрүлгөн... Читать дальше...

Жеңижоктун жолун улай

Azattyk.org 

Жеңижок акындын 168 жылдыгына карата өтө турган “Айтыш-2018” республикалык сынагына катышуучулар тандалды. Бишкекте өткөн тандоо сынагына кырктан ашык акын катышып, алардын ичинен он алты төкмө акын айтышка катышканга жолдомо алды. Ак таңдай акын Жеңижоктун жаркын элесине арналган республикалык айтыш Аксы районунун Кара-Суу айылында өтөт.

Премьер Ысык-Көлдө туризм сезонуна даярдыкты текшерүүдө

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, туристтик сезонго жана Көчмөндөр оюндарына кандай даярдык жүрүп атканына көз салды. Алгач өкмөт жетекчилери Балыкчы-Корумду жолунун курулуш иштери менен таанышып, "Тамчы" эл аралык аэропортунун тейлөө шарттары менен таанышты. Премьер-министр көлдөгү эс алуучу жайлардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Анда премьер көл жээгиндеги айрым пансионаттардын шарты эс алунунун баасына туура келбей жатканын белгилеп, бул боюнча иш жүргүзүүнү тапшырды. Читать дальше...

“Русгидро” Кыргызстандын Эсеп палатасынын билдирүүсүн төгүндөдү

Azattyk.org 

Орусиялык “Русгидро” ишканасы Кыргызстандын Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушуна аудит жүргүзүү боюнча билдирүүсүн төгүнгө чыгарды. Бул тууралуу аталган ишкананын расмий сайтында жарыяланган билдирүүдө айтылат.  Анда Марипов маалымат каражаттарына “Русгидро” Жогорку Нарын ГЭСтер каскады боюнча аудит жүргүзүүнү пландап жатканы тууралуу билдиргени жана компаниянын мындай сунуш менен эч качан чыкпаганы айтылат. “Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу... Читать дальше...

Рита Карасартова акыйкатчылыкка талапкерлигин коёт

Azattyk.org 

Жарандык активист Рита Карасартова акыйкатчылык кызматка талапкерлигинин көрсөтөт. Бул тууралуу Карасартова өзү “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, тиешелүү документтерди топтоп, парламенттеги алты фракцияга кайрылууга камынууда. Мыйзам боюнча акыйкатчылыкка талапкерлерди Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтүүгө укуктуу. Көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинден депутаттар добуш берүү менен бирин тандашы керек. - “Акыйкатчы жөнүндө" мыйзамдын 7-беренесинде эгерде акыйкатчы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетсе... Читать дальше...

Президент Жээнбеков Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады

Azattyk.org 

Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Жээнбеков өз куттуктоосунда коңшу өлкө башчысына ийгилик жана чың ден соолук каалап, эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин бекемделерине ишенимин билдирген. “Сиздин жетекчилигиңиз менен Казакстан Республикасы эл аралык аренада өзүнүн татыктуу позициясы бар, эл аралык коомчулуктун таасирдүү мүчөсү болуп калды. Тарыхый салттарга жана... Читать дальше...

"Иракта түрмөдө жаткан кызымды көргүм келет"

Azattyk.org 

Тажикстандын Зафарабад районунун жашоочусу Хамза Турабек Багдад шаарындагы түрмөдө кармалган кызын көрүп келүүгө камынып жатат. Тажик бийлиги ага өлкөдөн чыгууга уруксат берип, ушул тапта жаңы паспортун күтүп турган кези. Ал Казакстандагы Ирактын элчилигинен виза алып, анан өлкөгө кире алат. Карыя алыска барып-келүүгө аз-маз тыйын да чогултту.

Икрамжан Илмиянов Көкбөрү федерациясынын президенттигинен кетти

Azattyk.org 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов Көкбөрү федерациясынын президенттигинен өз ыктыяры менен кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган федерациянын президенттигинине жаңыдан шайланган, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жыргалбек Саматов билдирди. Анын айтымында, Илмиянов ден соолугуна жана үй-бүлөлүк шартына байланыштуу федерация жетекчилигинен кетүү боюнча арыз жазган. Бул арыз федерация мүчөлөрүнүн кезексиз жыйынында канааттандырылып, анын ордуна Саматов шайланган. Читать дальше...

Новости России
Москва

Терапевт Кондрахин посоветовал идти к врачу при наличии болей в грудной клетке


Ала-Букада салык кызматкерлерине иш козголду

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы Ала-Бука районунда салык кызматкерлери өз кызматынан кыянаттык менен пайдаланган фактыны аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Ала-Бука районунун салык бөлүмүнүн кызматкерлери райондогу ишканалардын биринин салыгын төмөндөтүп келгени аныкталды. Бул окуя боюнча райондук салык кызматкерлерине Кылмыш кодексинин “Менчиктештирүү, салыктык, бажылык же лицензиялык ишти жүзөгө ашырууда кызмат абалынан мыйзамсыз пайдалануу” беренеси боюнча иш козголуп, тергөө башталды. Читать дальше...

Чөнтөк телефондорду каттоо эрежесин катаалдатуу сунушталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда чөнтөк телефондорду каттоо эрежесин катаалдатуу боюнча демилге көтөрулдү. Ага багытталган өзгөртүүлөрдү камтыган токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Өкмөттүн расмий сайтындагы маалыматка караганда, токтом долбоорунда өлкөгө алынып келген жана учурда колдонулуп жаткан телефондордун IMEI-коддорун каттоого алуунун реестерин тартипке салуу каралган. Мындай жобо өлкөгө контрафакттык жол менен чөнтөк телефондорду киргизүүнү азайтып жана бул тармакта алдамчылык фактыларынын алдын... Читать дальше...

Уюлдук телефондорду каттоо эрежесин катаалдатуу сунушталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда уюлдук телефондорду каттоо эрежесин катаалдатуу сунушталды. Мындай өзгөртүүлөрдү камтыган токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Өкмөттүн расмий сайтындагы маалыматка караганда, токтом долбоорунда өлкөгө алып келинген жана учурда колдонулуп жаткан телефондордун IMEI-коддорун каттоого алуунун реестерин тартипке салуу каралган. Мындай жобо өлкөгө контрафакттык жол менен уюлдук телефондорду киргизүүнү азайтып жана бул тармакта алдамчылык фактыларынын алдын алууга өбөлгө болорун... Читать дальше...

"Бир дүйнө - Кыргызстан" эки отчетту экстремисттик деп тапкан сот чечимине нааразы болууда

Azattyk.org 

Бишкектин Октябрь райондук соту укук коргоо уюмдары биргелешип иштеген эки отчетту экстремисттик деп тапканына "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюму нааразылык билдирип жатат.  Тиешелүү чечимди  райондук сот былтыр чыгарганын уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, уюмдун өкүлдөрү соттун чечимин капыстан мониторинг жүргүзгөн учурда билип калган. Сотко уюм өкүлдөрү чакырылган эмес. Чечим алардын катышуусуз кабыл алынган.  - Биринчи отчет Ош коогалаңы тууралуу. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Даниил Медведев вышел во второй круг турнира ATP-500 в Пекине






"От голода не умрём, но…": Агроном оценил предупреждения Запада о неурожае в России

Что там в IT: Xiaomi снова в России, производство LADA e-Largus, Telegram изменил принципам

Погубят урожай в следующем году: две самые частые ошибки дачников во время осенних работ на огороде

Истребители ЦАХАЛ возобновили атаки на объекты «Хезболлы» в пригородах Бейрута