Могерини анти-ирандык Варшава жыйынына катышпайт
Европа Биримдигинин жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн бири Федерика Могерини келерки айда Варшавада өтө турган анти-ирандык жыйынга катышпай турганын билдирди.
Европа Биримдигинин жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн бири Федерика Могерини келерки айда Варшавада өтө турган анти-ирандык жыйынга катышпай турганын билдирди.
Орус президенти бул тууралуу Сербиянын борбору Белградда бул өлкөнүн президенти Александр Вучич менен сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында билдирди: - Тилекке каршы, акыркы кездери Косовонун бийлигиб ир катар чагымчыл кадамдарга барды. Бул кырдаалды бир кыйла курчутту. Мен мында эң биринчи кезекте Косово тараптын Косовонун армиясы делгенди түзүү боюнча 14-декабрдагы жарыясын эске алып жатам. Бул Улуттар Уюмунун резолюциясын бузгандыкка жатат. Орусия Сербия жетекчилигинин жана жарандарынын камтамачылыгын... Читать дальше...
Мындай жыйынтыкты 18-январь күнү майыптарга шаар ичинде коюлган имараттардын пандустарын текшерип чыккан жарандык активисттер чыгарышты. Майып адамдар борбор калаанын Свердлов районундагы мамлекеттик мекемелер, коомдук тамактануучу жайлар жана дүкөндөр, жалпысынан 100гө чукул мекемеге орнотулган пандустарды текшерип, алардын 90 пайызы талапка жооп бербей турганын аныкташты. Маселен, активисттер Чүй облусунун ички иштер башкармалыгына, ушул эле райондогу №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жана эл... Читать дальше...
Мындай чечимди Ош шаардык соту жакынкы күндөрү чыгарганын мекеменин коомчулук менен байланышуу кызматынан "Азаттыкка" билдиришти. Маалыматка ылайык, соттук отурумда айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, тогуз жаштагы кызы үйдөн уруксатсыз кете бергени үчүн ушундай кадамга барууга аргасыз болгонун айткан. Өткөн жылы 5-октябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кызын чынжыр менен тушап койгон жергиликтүү тургунга Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (“Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо”) менен иш козгогон. Читать дальше...
Колумбиянын борбору Богота шаарындагы полиция академиясында болгон террордук жардыруудан каза тапкандардын саны 21ге жетти.
Кыргызстандыктар Мамлекеттик бажы кызматын "эң ишенимсиз жана коррупциялашкан мекеме" деп санашат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 2018-жылдын экинчи жарымына карата жарыялаган калктын ишеним индексинде айтылат. Жарандардын купулуна толбогон мекемелердин арасында Бажы кызматынан кийин эле Жаза аткаруу жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматтары, Ички иштер, Саламаттыкты сактоо министрликтери жазылган. Ал эми калктын ишенимине арзыган мекемелердин бешилтигине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар... Читать дальше...
Трамптын айтымында, АКШ ракетадан коргонуунун заманбап каражаттарына ээ болуп, Орусия, Кытай, Иран, Түндүк Кореядан артыкчылыгын сактоо үчүн жаңы технологияларды иштеп чыгат. "Ракетадан коргонуу боюнча жаңы стратегия космосто жайгаша турган жаңы технологияларды да камтыйт. Алар “душмандын ракеталарын аныктап, артынан сая түшүп, жок кыла алат”, - деди Трамп 17-январда Пентагондо сүйлөп жатып. АКШ президенти жаңы стратегиянын алкагында Вашингтон Аляскада ракетаны атып түшүрө алган 20 жабдууну жайгаштыра турганын билдирди. Читать дальше...
Кыргызстандагы бир нече уюмдар өлкөнүн коомдук-саясий турмушуна байланыштуу маселелерди референдум аркылуу чечүүнү демилгелеп жатышат.
19-январда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу аймактарында күндүз кар жаайт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүңдө түнкүсүн -2...+3, күндүз 5...10, Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 5...10, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 5...10, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...-8... Читать дальше...
Асеин Исаевди Индияга Кыргызстандын атынан элчи кылып жиберүү сунушун Тышкы иштер министрлиги берген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык мамилелер, коопсуздук жана коргонуу комитетинен "Азаттыкка" кабарлашты. Асеин Исаев 2015-жылдан бери Кыргызстандын Бельгия, Нидерланд, Люксембург жана Франциядагы элчиси, НАТО менен ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү болуп иштейт. Апта башында президент АКШ, Орусия, Кытай жана Түштүк Кореяга жаңы элчилерди дайындаган буйругун чыгарган.(ZKo)
Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зарифтин Ирактагы беш күндүк сапары аяктады.
Кытайдын Ташкенттеги элчиси расмий чакыруу менен Өзбекстандын президентин “Бир кур, бир жол” экинчи эл аралык жыйынына катышууга чакырды.
Жаңы жылдан тарта ишке кирип жаткан жаңы кодекстер боюнча түшүндүрүү иштери Ош облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлүүдө. 18-январда прокуратура кызматкерлери облустук, райондук акимчиликтердин жана 91 айыл өкмөт башчыларына жаңы мыйзамдар жөнүндө маалымат беришти. Аларга кодекстерден тышкары кылмыштарды, жоруктарды жана тартип бузууларды "Кылмыш жана жазалардын бирдиктүү реестрине" каттоонун шарттары тууралуу да айтылды. Катышуучуларга жасалган кылмыш, жорук жана башка тартип бузууларга каралган жоопкерчилик... Читать дальше...
Йемендин Адам укуктары боюнча министрлиги өлкөдө Бириккен Араб Эмираттарынын жашыруун 18 түрмөсү бар экенин билдирди.
Бишкектин көчөлөрүндө букинисттик китептерди саткандардын соодасы жыл сайын солгундап баратат. Соодагерлер китеп окууга кызыккандар акыркы эки жылда кескин азайганын айтышууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө 18-январда түштө жана кечинде болжол менен ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жеткен шамал болушу мүмкүндүгүн эскертти. Мындай маалымат саат 11:58дө таратылып, шамал бир саат аралыгында башталышы мүмкүн экени белгиленген. Буга чейин ылдамдыгы 20 метрден ашкан шамалда дарактар кулап, автоунааларды басып калган, имараттардын чатырларын учуруп кеткен окуялар болгон.
Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирликтеринин курама командаларынын оюндарын, Интернеттеги ачык маалыматтарды, анын ичинде ФИФАнын рейтингин бир сыйра карап чыккандан кийинки ойлор.
2018-жылдын 30-ноябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 477 миллион долларды түздү. Өлкөнүн бересеси бир айда 50 миллион долларга өскөнү Финансы министрлигинин маалыматында айтылат. Октябрдын соңуна карата бул эсеп 4 миллиард 427 миллион болчу. Сумманын 3 миллиард 838 миллион доллары - сырткы, 639 миллион доллары - ички карыз. Кыргызстандын эң көп бересеси Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет – ага Бишкек 1,7 миллиард доллардан ашуун сумманы төлөшү керек. Бул тышкы карыздын 44% жакынын түзөт. Читать дальше...
Алты жылдан бери курулушу бүтпөй турган мектептин ачылыш аземи 18-январда болуп өттү. Курулушу 2012-жылы башталган Үтүр Калиев атындагы орто мектеп Түркия берген гранттын эсебинен башталган. Экинчи транш кыргыз өкмөтүнөн бөлүнгөн, жалпысынан мектептин курулушуна 78 млн. сом сарпталган. Мектеп 225 орунга ылайыкталган.Учурда мектепте 368 окуучу, 29 мугалим эмгектенет. Ачылыш аземге президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, ЖК депутаттары... Читать дальше...
17-январда Алматыга жакын жерде жеке компанияга таандык тик учак жергиликтүү санаторийдин аймагына кулап, учкучу мерт болду.
Кыргызстан плей-оффко тайпадагы үчүнчү орундан чыкты.
Анкара шаарынан келген түрк ишкерлеринин делегациясы эки күндөн бери Ош шаарынын жана Ош облусунун жетекчилери, жергиликтүү ишкерлер менен жолугуп жатат. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн адис кызматкери Эмил Шадыкановдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, түркиялык ишкерлерди өнөр жай, курулуш, тоо кен тармагы кызыктырууда: - Алар жеңил жана оор өнөр жай, тоо-кен иштетүү, курулуш, айыл чарба жана башка тармактарга кызыгуусун көрсөтүп жатат. Мисалы, бир ишкер жакында ишке кирүүчү "Коопсуз шаар"... Читать дальше...
Түркия Кытайдан качып келген уйгур улутундагы жарандарды кайра артка кайтарбаган жалгыз өлкө. Бейрасмий маалымат боюнча 2018-жылы Түркияда 300 миңге жакын уйгур улутундагылар каттоодон өткөн. Стамбул шаарынын Зейтинбурну, Сефакөй, Султанбейли аймактарында уйгурлар көп отурукташкан. Алар негизинен тейлөө кызматтарында, кара жумушта иштешет. Бул ирет Стамбул шаарында жашап, эмгектенип жаткан айрым уйгур улутундагы жарандарга жолугуп кайттык.
Экс-мэр "ТНК "Дастан" ишканасына тиешелүү "Күнөстүү жээк" пансионатынын 100% акциясын атайылап арзан сатып жиберген деп шек саналып жатат
Ош, 18-январь, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дээрлик 3 сомго чейин арзандаганы байкалды.