"Тайсон" кыргыздын калпагын баса кийип атаандашын тике карады. Грозныйдагы видео
Кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков 26-январда Чеченстандын Грозный шаарында мелдешет.
Кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков 26-январда Чеченстандын Грозный шаарында мелдешет.
Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП)мүчөсү, парламенттин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына 11 саат сурак берип чыкты. Бул тууралуу партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева 25-январда билдирди. Ал Мискенбаев менен байланышканын, экс-депутат “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин жетекчиси Амантур Жамгырчиев менен беттешип, көрсөтмө бергенин кошумчалады. Мээрбек Мискенбаев 26-январда дагы сурак бергени чакырылган.... Читать дальше...
Ирандын армиясы 12 миң аскер жана жаңы түзүлгөн ыкчам аракеттенүүчү бөлүктөр тартылган машыгууну баштады. Жоокерлер тышкы агрессия жана куралдуу согушкерлерге каршы даярдыгын көрсөтөт. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты. Эки күндүк иш-чара Исфахан чөлкөмүндө өтүп жатат. Жөө аскерлердин кол башчысы генерал Киумарс Хейдари машыгуу баскынчыларга алар Иран армиясынын “тез жана чечкиндүү” чабуулуна туш болушарын көргөзөт деди. Ислам жумурияты аскердик даярдыгын тартуулоо максатында машыгууларды дайыма өткөрүп келет.
Бүгүнкү күндөрү баарынын көңүл чордонунда футбол турат. Бирок өлкөдө андан башка да спорттун түрлөрү өнүгүү жолунда. Өзгөчө кышкы спорттун түрлөрү менен жаш болгонуна карабай машыгып жүргөн балдарды көрүүгө болот. "Азаттык+" кышкы спорттун түрлөрү кандай өнүгүп жатканын иликтеп көрдү.
Азия кубогундагы кыргыз футболчуларынын оюну улуттук намыстын шыктандыруучусу болуп калды деген пикирлер айтыла баштады.
Грециянын парламенти кошуна Македония менен мамилелерди жакшыртууга багытталган тарыхый келишимди жактырды. 25-январдагы добуш берүүдө документти 153 депутат колдоп, 146сы каршы пикирин билдиришти. Добуш берүүнүн алдында Афиныда нааразылык акциялары өткөн. Былтыр жайында кол коюлган келишим Македонияны НАТО жана Европа Биримдигине кошулуу максатына жакындатмакчы. Келишимге ылайык, Македония өлкө аталышын Түндүк Македония жумурияты деп өзгөртүшү керек. Бирок социалдык изилдөөлөр көргөзгөндөй,... Читать дальше...
Орусиянын Магнитогорск шаарында борбор азиялык мигранттарды текшерүү күчөп, айрымдары камакка алынып, зомбулукка кабылганы кабарланууда. Kош бийлик орногон Венесуэладагы кырдаал.Тажикстанда 120 миңдей мектеп окуучусу СПИДге текшерилип кан тапшырышат.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын дарбазачысы Кутман Кадырбеков 21 жашта. Азия кубогунда Кыргызстан командасынын дарбазасын татыктуу коргоду. Анын биринчи тушоо кесүү оюну 11-январда Түштүк Кореяга каршы матчта болду. Бул оюндан соң Кутмандын аракетин мекендештер жогорку баалап, жалпы элдин сүймөнчүгүнө айланды. Азия кубогунда жүргөндө Кутман өз оюнун апасына арнай турганын айткан. Спортчунун Кыргызстанда калган апасы Дарика Кайназарова баласы үчүн кайгырып, өлкөгө кайтып келишин чыдамсыздык менен күттү.
НАТО-Орусия жолугушуусунда тараптар орто жана жакын аралыкка учуучу өзөктүк ракеталар боюнча келишимди талкуулашты, бирок мунаса таба алышкан жок. Бул тууралуу Түндүк альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг жума күнү Брюсселдеги жыйындан кийин билдирди. Анын айтымында, Орусия НАТО мүчөлөрүнүн чакырыктарына карабай АКШнын камтамасын жараткан ракеталар боюнча өз позициясын өзгөртүүгө даярдыгын көргөзө алган жок. АКШ жана өнөктөштөрү Орусиянын 9M729 ракеталары 1987-жылы түзүлгөн келишимди бузат деп эсептешет. Читать дальше...
Бишкек шаардык криминалдык милиция кызматкери жана мурдагы ички иштер органында иштеп кеткен эки адам пара менен кармалганын Ички иштер министрлиги билдирди.
Былтыр Пакистандын түрмөсүнөн бошонгон “Талибандын” кол башчыларынын бири анын АКШ менен тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча жетекчилигине дайындалды.
АКШнын президенти Дональд Трамптын санаалашы, политтехнолог Рожер Стоун Флорида штатында кармалганын өлкөнүн Юстиция министрлиги маалымдады. Шайлоо кампаниясы учурунда Трамптын кеңешчиси болгон Стоунго Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого ыктымал кийлигишүүсүн териштирген иликтөөнүн алкагында жети пункт боюнча айып тагылды. Атайын прокурор Роберт Мюллердин кеңсесинен билдиришкендей, ал тергөөгө калп айтканы, адилеттүүлүк орнотууга тоскоол болгону жана күбөлөргө кысым көрсөткөнү үчүн күнөөлөнүп жатат. Читать дальше...
Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата кайра жандандырылган кылмыш иши иликтенип бүтүп, сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди. - Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан 2018-жылдын 24-декабрында Молдомуса Конгантиевге айыбы угузулган. Ошол эле жылдын 25-декабрында бул кылмыш иши боюнча тергөө бүтүп, иш Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жиберилген. Читать дальше...
Кыргыз мамлекеттик циркине директор болуп Фархад Бекманбетов дайындалды. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бул дайындоо менен өздөрү сунуш кылган талапкер дайындалбаса иштен кетебиз цирк кызматкерлерин ынтымакка чакырып, материалдык кызыкчылыктардын кагылыш очогуна айланган циркти кайрадан искусство жайына айлантуу милдетин алдыга койду. Киноискусство жана акындык өнөр тармагында иштеп, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болгон кадр ал милдетти аткара алабы? "Азаттыктын"... Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков 25-январда Украинанын элчиси Валерий Жовтенко, Индиянын элчиси Алока Амитабх Димри, Кубанын элчиси Эмилио Певида Пупо, Словакиянын элчиси Милан Коллар жана Ливандын элчиси Жискар Эл-Хуринин ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты. Мамлекет башчысы элчилерди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн башталышы менен куттуктап, алардын өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң салым кошоруна ишеним билдирди. Читать дальше...
Спорттук баяндамачы Эркинбек Абдуллаев футбол боюнча Азия кубогундагы Кыргызстандын ийгилиги ички чемпионатка дагы жакшы өзгөрүүлөрдү алып келерин болжолдоду.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын экономикасында туризм келечектүү тармагы болуп саналарын өкмөтүн кезектеги жыйынында билдирди. Өкмөт башчы учурда туризмден түшкөн киреше ички дүң продукциянын 5% түзөрүн, ага салыштырмалуу айыл чарбасы 13-14% жетерин белгиледи. Ал туризмден каражатты көбүрөөк табуу үчүн туристтер кызыга турган жайларды, тарыхый-маданий комплекстерди жеке ишкерлер менен чогуу иштетүүнү сунуш кылды. - Биз жеке менчик түрүнө карабастан, туризм объекттерине өзгөчө көңүл бурууга тийишпиз. Читать дальше...
Январдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстердин негизинде абактарда жазасын өтөп жаткан 9500дөн ашуун адамдын иши сотто кайра каралат. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы учурда алардын 4000ге чукулун сотко жиберди.
Иран Ислам Республикасынын Москвадагы элчиси менен Орусиянын экономика министрлигинин орун басары жолугушту.
Трамп Сириядагы аскерлерин чыгарарын жарыялаганына карабастан кечээ, 24-январда АКШ баштаган эл аралык коалицияга таандык курал-жарактар жүктөлгөн 250 жүк ташуучу унаа Сириянын Алеппо, Ракка жана Эль-Хасака провинцияларына кирди.
Швециянын аскерлери орусиялык чалгын учагы жана эки истребители Балтика деңизинин жанында Швециянын аба мейкиндигин бузушканын 24-январда билдиришти. "Ил-20 учагы жана Су-27 учактары 19-январда Мальмө шаарынан 135 чакырым алыс орун алган Карлсхамн шаарчасынын түштүк тарабынан учуп өткөн", - деп айтылат швед куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүндө. Учактар өлкөнүн аба мейкиндигине уруксатсыз киришкени белгиленет. Орусиянын Коргоо министрлиги «Бардык учуулар эл аралык эрежелерге ылайык жасалууда» деп инцидент тууралуу маалыматты четке какты. Читать дальше...
Ысык-Көлдө картошканын баасы чыкпай, дыйкандардын эмгеги күйүп жатат. Айрымдары үмүтүн үзүп, аштыгын текейден арзан баага берип жатса, башкалары дагы эле илгери үмүт менен тонналаган түшүмдү жазга сактап турушат. Өкмөт өкүлдөрү картошканын баасы тууралуу азырынча жарытылуу деле кеп кылган жери жок.
Германиянын калкы былтыр жыл аягында 83 миллионго жетти. Федералдык статистикалык агенттиктин маалыматына ылайык, өткөн жылы 800 миңдей бала төрөлүп, 950 миңдей киши жарык менен кош айтышкан. Эки Германия бириккен 1990-жылдын октябрында өлкө калкынын саны 79,3 миллиондон бир аз ашкан. Калктын өсүшүнө иммиграция чоң салым кошкону айтылууда. Ошол эле маалда 2015-жылдан бери келгиндердин саны азайган. Германия – Европанын Орусиядан кийинки экинчи көп калктуу өлкөсү. Статистика агенттиги өз... Читать дальше...
“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 26-январда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8; Талас жергесинде түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7; Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…5; Нарын облусунда түнкүсүн -24…-29, күндүз -12…-16 градус болот. 26-январда Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...
Венесуэланын президенти Николас Мадуро саясий кризис учурунда көргөзгөн колдоосу үчүн Орусияга ыраазычылык билдирди. Президенттин ыйгарымдарын өлкө парламенти жана бир катар мамлекеттер, анын ичинде АКШ тааныбай жатат. “Орусия, Кытай, Түркия жана мен жетектеген мыйзамдуу түзүлгөн өкмөттү колдогон чечкиндүү билдирүү жасаган башка өлкөлөр менен элдерге рахмат айтам”, - деп жазды Мадуро "Твиттерге". Бейшембиде орус президенти Владимир Путин ага телефон чалып, Венесуэла «бүлдүргүч, тышкы кийлигишүүгө» туш болуп жатат деген пикирин айткан. Читать дальше...