Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2019

Новости за 15.10.2019

Өзбекстан Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мүчөсү болду

Azattyk.org 

Өзбекстан расмий түрдө Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мүчөсү болду. Мындай чечим бүгүн, 15-октябрда Баку шаарында (Азербайжан) өтүп жаткан Түрк кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Жыйында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган «доллардын биздин жалпы экономикага таасирин азайтуу аркетин көрүшүбүз керек» деди. Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, уюмдун алкагында инвестициялык фонд ачууну сунуш кылды. Түрк тилдүү мамлекеттердин... Читать дальше...

АКШ түрк министрлерин «кара тизмеге» киргизди

Azattyk.org 

Санкция салынган аткаминерлердин сап башында Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар турат. Андан тышкары ички иштер министри Сулейман Сойлу жана энергетика министри Фатих Дөнмездин АКШдагы акчалай операциялары токтотулат.  - АКШ аймакта туруксуздук орноп, түрк күчтөрү тарабынан зомбулуктун күч алышына Түркиянын өкмөтү жооптуу деп эсептейт, - деди Кошмо Штаттардын финансы министри Стивен Мнучин. Вице-президент Майк Пенс Трамп Эрдоганды Сирияга чабуулду токтотууга чакырганын маалымдаган.  Пенс жакында... Читать дальше...

Орусия Федерациясынын Кеңешинин төрайымы: АКШнын өзөктүк келишимден чыгышы кабыл алынгыс

Ca-irnews.com (kg) 

Орусия Федерациясынын Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Ирандын межилисинин төрагасы Али Ларижани менен болгон жолугушуусунда Вашингтондун өзөктүк келишимден чыгуусуна эч кандай себеп жок болгонун айтып, Москва АКШнын Иранга каршы бир тараптуу санкцияларына каршы деди.

Элеттик бийчилер. Кайраттуу кыздын жеңиши

Azattyk.org 

Бийди жактырган балдар үчүн атайын мектеп ачкан токтогулдук Наргиза Мундузбаева. Башына түшкөн оор кыйынчылыкты кайраты менен жеңип чыккан модел Ангелина Гаранина. Мезгил тарыхын жазган чыгаан журналист Султан Жумагуловду эскерген кесиптештери. Айылда жүндү машина менен жууп, тазалаган кичи ишкана ачкан кочкордук жаратмандар.

Азаматтар! Кыргызстандын футболчулары монголиялыктарды утуп алды

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Кыргызстандык спортчулар монголиялыктар менен 2022-жылкы дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында беттешти. Биринчи таймда команда атаандаш тарапка эки гол киргизген. Атаандаштар экинчи таймда эсеп ачышты.

Салянова Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин айтты

Azattyk.org 

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу тергөөдө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда журналисттерге Бишкектин Биринчи май райондук сотунда иниси Улан Саляновдун өлүмүнө байланыштуу сотко кирип баратып айтты: - Мен каршы көрсөтмө бердим (ред: Алмазбек Атамбаевге) деп эсептейм. Жалпылап айта турган болсом, ал киши (ред: Алмазбек Атамбаевге) көрсөтмө бергенин (ред... Читать дальше...

Эл аралык уюм ачарчылык менен климаттын өзгөрүш индексин жарыялады

Azattyk.org 

Глобалдык ачарчылык көйгөйүн иликтеп жүргөн уюм (Global Hunger Index - GHI) XIV жылдык баяндамасын жарыялады. Анда глобалдык, аймактык жана улуттук деңгээлде ачарчылыктын кесепети, тамак-аш тартыштыгынын балдардын саламаттыгына тийгизген таасири иликтенет.  Уюм өз иликтөөсүндө быйыл 117 өлкөдөгү маалыматты салыштырып чыккан. Ага ылайык, 43 өлкөдө ачарчылык олуттуу көйгөй бойдон калууда. Чад, Мадагаскар, Йемен жана Замбия тамак-аш тартыш өлкөлөрдүн сап башында турат. Борбордук Африка Республикасында кырдаал өтө кооптуу. Читать дальше...



Футбол: Кыргызстан Монголияны утту

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн, 15-октябрда 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Монголиянын курама командасын 2:1 эсеби менен утту.  Оюн Улан-Батор шаарындагы борбордук стадиондо өтүп, беттештеги алгачкы голду атаандашын дарбазасына кыргыз футболчусу Гүлжигит Алыкулов 14-мүнөттө киргизди. 42 мүнөттө Мирлан Мурзаев дагы бир гол киргизип, эсеп 2:0гө өзгөрдү. Экинчи таймда Монголиянын курама командасы пенальтиден гол киргизип, эсеп 1:2ге өзгөрдү. Читать дальше...

Орусияда «Коррупцияга каршы күрөш фондунун» кеңселери тинтилди

Azattyk.org 

Орусиянын укук коргоо органдарынын кызматкерлери оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный негиздеген «Коррупцияга каршы күрөш фондунун» аймактардагы кеңселеринде тинтүү иштерин жүргүзүүдө. 15-октябрда полиция фонддун Уфадагы, Саратовдогу, Самарадагы, Екатеринбургдагы, Ярославлдагы, Челабинскидеги жана Новокузнецкидеги кеңселерин тинтип чыкканын көз каранды эмес "ОВД-Инфо" уюму билдирди. Навальныйдын фондунун директору Иван Жданов «Твиттерге» жазгандай, ушундай эле тинтүү иштери Белгород, Воронеж... Читать дальше...

Жээнбеков түрк тилдүү мамлекеттерди IT боюнча кызматташууга чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстан Түрк кеӊешинин өлкөлөрүнүн ортосунда IT технологиялары боюнча жана жашыл экономиканы өнүктүрүү багытында тыгыз кызматташууну сунуш кылат. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Бакуда Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин кезектеги жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Саммиттин бүгүнкү темасы чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү болду. Кыргыз президенти ортодогу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын дараметин көтөрүү зарыл экенин белгилеп, түрк тилдүү... Читать дальше...

Орусия менен Сауд Арабиясы млрд. долларлык келишимдерге кол коюшту

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин Эр-Риядда Саудиянын падышасы Салман менен жолугуп, сүйлөштү. Алар аэрокосмикалык өнөр жайы, маданият, саламаттык сактоо жана жогорку технологиялар жаатында эки өлкөнүн ортосунда бир нече млрд. долларлык келишимдерге кол коюшту. Бул тууралуу AFP агенттиги жазды. Саудиянын энергетика министри Абдулазиз бин Салмандын маалыматына караганда, келишимдерде «ОПЕК өлкөлөрүнүн кызматташтыгын бекемдөө тууралуу» да макулдашуу бар. Орусия ОПЕКке мүчө эмес, бирок уюм менен тыгыз кызматташкан ири мунай экспортёру. Читать дальше...

Батукаевдин иши боюнча баштапкы соттук жыйын Атамбаевсиз өтөт

Azattyk.org 

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы баштапкы соттук жыйын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевсиз өтөт.   Мындай чечимди бүгүн, 15-октябрда райондук сот Атамбаевдин «баштапкы соттук жыйынды менсиз эле өткөрө бергиле» деген арызынын негизинде кабыл алды. Бул тууралуу журналисттерге Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев айтты. Атамбаев Батукаевдин иши боюнча баштапкы соттук жыйынга келүүдөн эки жолу баш тарткан. Райондук сот 14-октябрда... Читать дальше...

Футбол: Кыргызстан Монголиянын дарбазасына эки гол киргизди

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн, 15-октябрда 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Монголиянын курама командасы менен ойноп жатат. Учурда беттештин биринчи бөлүгү 2:0 менен жыйынтыкталды. Алгачкы топту атаандашын дарбзасына кыргыз футболчусу Гүлжигит Алыкулов 14-мүнөттө киргизди. 42 мүнөттө Мирлан Мурзаев дагы бир гол киргизип, эсеп 2:0гө өзгөрдү.  Кыргызстан менен Монголиянын курама командаларынын беттеши Улан-Батор шаарындагы борбордук стадиондо өтүп жатат. Читать дальше...

Сузактагы ардагерлер клубу

Azattyk.org 

Сузакта ардагерлер үчүн “Жашоо эми башталат” борбору иштей баштады. Ал жерде жашы 50дөн ашкан адамдарга адистер жана тренерлер көл өнөрчүлүктү жана компьютерди үйрөтүшөт. Мындан сырткары жума сайын психологдордун кеңештери да каралган. 70ке таяп калган карылар борборго келиш үчүн каттоого жазыла баштады.

ИИМ Асановдун иши боюнча тергөөгө басым кылбаганын билдирди

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткуловдун ИИМдин жетекчилиги Асановдун иши боюнча тергөөгө басым кылып жатканы тууралуу сөзүн четке какты. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Курсан Асановдун иши боюнча иликтөөнү башынан эле Аскер прокуратурасы жүргүзүп жаткандыктан ИИМ тергөөгө басым кылганы тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес экени айтылат. Ошондой эле министрлик аталган иш боюнча эч кандай иликтөөлөрдү жүргүзбөгөнү жана Асановго шек саналып жатканы... Читать дальше...

Футбол: Гүлжигит Алыкулов Монголиянын дарбазасына гол киргизди

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн, 15-октябрда 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Монголиянын курама командасы менен ойноп жатат. Учурда эсеп 1:0 болду. Алгачкы топту атаандашына кыргыз футболчусу Гүлжигит Алыкулов киргизди. Кыргызстан менен Монголия курама командаларынын беттеши Улан-Батор шаарындагы борбордук стадиондо өтүп жатат.  Тандап алуу оюндары ушул жылдын 5-сентябрында башталган. Кыргызстандын «ак шумкарлары» алгачкы беттешинде Тажикстанга 0:1 менен жеңилген.

«Женгонун» кармалышынын чоо-жайы

Azattyk.org 

«Женго» деген каймана аты менен белгилүү, кылмыштуу топтун мүчөсү катары таанымал Кадыр Досонов Ошто кармалды. Мурда милиция кызматкерин өлтүрүүгө айыпталып, акталып чыккан жаран бул жолу жол тескөөчүгө баш ийбегени үчүн колго түшкөнү айтылды.

Новости России
Москва

Музей Победы ко Дню медика открыл новую площадку


Өзбекстандын Сырдарыя облусундагы пахтазарда эки аскер каза тапты

Azattyk.org 

Арыкта уктап жаткан жоокерлерди пахта ташып бараткан трактор тебелеп кеткенин «Азаттыктын» өзбек кызматы кабарлады. 20 жаштардагы эки жоокер Фергана облусунда аскердик кызматын өтөп жаткан жеринен коңшу аймактагы пахта теримге көмөктөшүүгө жөнөтүлгөн. Өзбекстандык укук коргоо альянсы билдиргендей, 13-октябрда болгон окуяны Сырдарыя облусунун милициясы иликтеп жатат. Жергиликтүү укук коргоочулар аскердик кызматтын пахта терим менен байланышы жок экенин белгилеп, бийликти бул окуяны жакшылап иликтөөгө чакырышты. Читать дальше...

Киевде Виталий Марковду бошотууну талап кылган митинг болду

Azattyk.org 

14-октябрь күнү Украинанын коргоочуларынын күнү майрамдалып жатканда ондогон демонстранттар Тышкы иштер министрлигине келип, Марковду бошотууну талап кылышты. Аларга жакында эле орустардын туткунунан бошоп келген кинорежиссер Олег Сенцов да кошулду. Демонстранттар андан ары Италиянын элчилигине барып, Марковду бошотуу жөнүндө талап жазылган катты тапшырышты.  Украина менен Италиянын жараны, Улуттук гвардиянын мурунку мүчөсү Виталий Марков италиялык журналистти жана анын котормочусун өлтүргөн деген... Читать дальше...

Ош шаары КЭРдеги Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусу менен кызматташат

Ca-irnews.com (kg) 

Ош, 15-октябрь, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кытай Эл республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунун башчысынын орун басары Сыяр Кален уулу менен жолукту.

Келдибеков: президент журт атасы экенин көрсөтө алды (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков президент Сооронбай Жээнбековдун саясатын колдой турганын, президент журт атасы экенин көрсөтө алганын айтты. Ал бул тууралуу 15-октябрда «Азаттыктын» «Эки бир» эксклюзив маегинде билдирди. - Сооронбай Шарипович президент болуп шайлангандан кийин «мен баланча партиядан келдим. Мен КСДПнын гана кадрларын, саясатын колдойм» дебей, журт атасы экенин көрсөтө алды. Оппозиция, позиция дебей, Атамбаевдин убагында куугунтукта жүргөндөрдүн эч кимисине карабай... Читать дальше...

Трамп Эрдоганды Сирияга чабуулун токтотууга чакырды

Azattyk.org 

Вице-президент Майк Пенстин маалымдаганы боюнча, президент Трамп мындай талабын Түркиянын мамлекет башчысы Рэжеп Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда билдирген. Пенстин сөзүнө караганда, Трамп сүйлөшүү учурунда кырдаалды жөнгө салуу максатында жакында аймакка барарын билдирген. - Америка Кошмо Штаттары Түркиянын Сирияга кол салуусун четте карап тура албайт. Биз Түркияны зомбулукту токтотуп, кеп-сөзгө келүүгө чакырабыз, - деди Пенс журналисттерге. АКШ Сириянын түндүгүндөгү куралдуу... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Елена Рыбакина «заменила» Геннадия Головкина






Гегемония США официально подошла к концу

Грузинские политики выступают за отмену виз с Россией

Хазин о "чёрном списке" Путина: Кто в нём числится и что ожидает провинившихся чиновников

"7Дней": певицу Бабкину заметили с молодым помощником после разрыва с мужем