Орусия: "Жоокерлер энелери" Салиховскаянын айткандарын жокко чыгарды
Орусиядагы "Жоокерлер энелери" комитети аталган уюмдун төрайымы Флера Салиховскаянын "армияда зомбулук жок, аскер Рамил Шамсутдинов сегиз кызматташын компьютер оюндары үчүн атып салган" деген сөздөрүн жокко чыгарды. Уюмдун расмий билдирүүсүндө Салиховская мындан ары төрайым болбой калганы да белгиленген. "Жоокерлер энелери" бул окуяга армиядагы уставга жат мамилелер себеп болушу ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес. Забайкалье крайындагы аскер бөлүктүн жоокери Рамил Шамсутдинов 25-октябрда сегиз кызматташын атып салган. Читать дальше...