Дүйшөмбүдө "Central Asia's Got Talent" сынагынын жеңүүчүсүн шаң менен тосуп алышты
Казакстанда өткөн эл аралык "Central Asia's Got Talent" сынагынын баш байгесин жеңип алган тажик ырчысы Чоршанбе Аловатов мекенине кайтып келди. Аны Дүйшөмбү аэропортунда жакындары, журналисттер жана көптөгөн күйөрмандары тосуп алышты. 22-декабрда Нур-Султанда өткөн жеңүүчүлөрдү сыйлоо салтанатында Аловатовго баш байге — 10 миллион теңге (26 миң доллар) тапшырылды. "Central Asia's Got Talent" сынагынын финалдык бөлүгүнө 12 аткаруучу катышкан. Анда Чоршанбе Аловатов итальян жана тажик тилиндеги ырларды аткарган. Читать дальше...