Абдулла шайлоонун жыйынтыгы боюнча Евробиримдикке нааразы болду
Ооганстандын аткаруу бийлигинин жетекчиси Абдулла Абдулла президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп Ашраф Ганинин таанылышына нааразы болуп, Европа Биримдигине арызданды. «Твиттердеги» бейшемби күнү чыккан постуна саясатчы каттын көчүрмөсүн жайгаштырды. Абдулла 18-февралда жарыяланган жыйынтык «мыйзамсыз жана көпчүлүк оогандар үчүн алгылыксыз», «шайлоодо мыйзам бузууларга, бурмалоолорго жол берилген» деп жазды. «Өнөктүктүн мыйзамдуу жеңүүчүсү катары бардык саясий күчтөрдү камтыган өкмөт түзүүнү чечтик», деп кошумчалады Абдулла. Читать дальше...