Иранда коронавирус жуктурган 5 адам аныкталды
Саламаттык сактоо министрлигинин жугуштуу илдеттер борборунун жетекчиси өлкөдө коронавирус илдетине 5 адам кабылганын жарыялаган.
Саламаттык сактоо министрлигинин жугуштуу илдеттер борборунун жетекчиси өлкөдө коронавирус илдетине 5 адам кабылганын жарыялаган.
Кытайдагы коронавируска байланыштуу чек аранын жабылышы кыргыз экономикасына кандай таасир тийгизиши мүмкүн?
Бүгүн дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө Эне тилдин эл аралык күнү белгиленип жатат. 21-февраль Эне тил күнү катары 1999-жылы ЮНЕСКО тарабынан бекитилип, 2000-жылдан тартып жыл сайын маданиятты жана тил байлыгын өркүндөтүү максатында белгиленип келе жатат. Окумуштуулардын айтымында жер жүзүндө учурда 7 миңден ашуун тил бар. Алардын ичинен БУУ тарабынан таанылган 194 эл гана өз мамлекетине ээ. Кыргызстандын да ошондой мамлекеттердин катарында. Бирок дүйнө элинин үчтөн эки бөлүгү 40тан эле ашык тилде сүйлөшөт. Читать дальше...
Ысык-Көл облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө 20-февралда саат 21:51де болду. Жер титирөө Ысык-Көл районунун Чок-Тал жана Тамчы айылдарында 3 балл, Өрнөк, Чырпыкты жана Чоң-Сары-Ой айылдарында 2,5 балл болуп сезилди. Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок. (RK)
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ош шаары боюнча аймактык башкармалыгы Ош шаарында 26 көп кабаттуу үй мыйзамсыз курулуп жатканын аныктаган.
Токио Олимпиадасына лицензия берген күрөш боюнча турнир 27-29-март күндөрү Кытайдын Сиань шаарында болмок. Бирок коронавирустун айынан аны Кыргызстанда өткөрүү сунушу Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) тарабынан киргизилген.
Өзбекстан 2019-жылы Казакстанга 10 000 тонна кийим экспорттогон. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлады. Былтыр Казакстан чет өлкөлөрдөн 670 600 000 АКШ долларга ( 62 000 тоннадай) жеңил өнөр жай товарларын импорттогон. Бул продукциялардын дээрлик жарымы (31 000 тонна) Кытайдан келет. Башкача айтканда кытайлыктар Казакстанга 181 800 000 долларга кийим саткан. Экинчи орунда орусиялыктар турат. Алар Казакстанга 10,5 миң тонна кийим экспорттоп, 195 миллион доллар алышкан. Үчүнчү орунга... Читать дальше...
Орус жана түрк аскерлери бейшембиде Сириянын Идлиб провинциясындагы согуштук аракеттерге катышты. Көтөрүлүшчүлөр Сириянын президенти Башар Асаддын армиясына тарттырып жиберген аймакты кайтарып алууга аракеттеништи. Түрк артиллериясынын колдоосунда оппозициялык күчтөр Найраб конушуна чабуул коюшту. Орусиянын Коргоо министрлиги түрк аскерлерине орусиялык Су-24 учактары менен сокку урду. Билдирүүдө сириялык аскерлер бардык чабуулдардын мизин кайтарганы айтылат. Орусия Коргоо министрлиги Түркияны «террорчулардын»... Читать дальше...
Бишкек-Ош автожолундагы тоолордун боорунан карды атып түшүрүү иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, 20-февраль күнү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда автотрассанын 231 (Итагар тилкеси), Ала-Бел ашуусундагы тоолордун үч тилкесинен жалпысынан 20 380 м3 кар түшүрүлдү. ӨКМ жаз жакындап, күн жылымдаганына байланыштуу бийик тоолуу автоунаа жолдоруна кар көчкү коркунучу бар экенин эскертүүдө. Ага ылайык, мындай жолдордо машинелердин ортосунда 500 метрлик аралык сакталууга тийиш. Читать дальше...
Жалал-Абад шаардык прокуратурасы 9 жаштагы баласын мектепке берүүдөн баш тарткан ата-энени сотко берди. Бул тууралуу шаардын прокурору Арсланбек Мурзаев укук коргоо органдарынын координациялык кеңешинин кезектеги отурумунда билдирди. Маалыматка ылайык шаарда «йакын инкарчы» деп эсептелген үй-бүлө 9 жаштагы баласын окутуудан баш тартып жатат. Шаар бийлиги менен казыят баланы мектепке тартууга аракет кылууга чакырганы менен атасы макул болгон эмес. Баланын атасы дааватка чыгып кеткен. «Билим берүү... Читать дальше...
Жалпысынан коркунучтуу илдеттен 2236 адам набыт болду. 18 264 киши оорудан айыкканын Кытайдын Саламаттык сактоо боюнча улуттук комиссиясы 21-февралда кабарлады. Маалыматка ылайык, акыркы суткада 2109 адам ооруканадан чыгарылды. Ушул эле аралыкта 889 адам вируска чалдыкканы аныкталды. Бардыгы болуп өлкөдө 75 400дөн ашуун адам коронавирусту жугузуп алган. Алардын ичинен 12 миңге жакыны оор абалда. Кытайдан тышкары 30 өлкөдө вируска чалдыккандар аныкталган.
Ирактын чек ара башкармалыгынын 20-февралдагы маалыматына караганда, кеминде үч күн аралыгында ирандык туристтерге өлкөгө кирүүгө тыюу салынат. Мындан тышкары Ирандан кайткан ирактыктар да кылдат текшерүүдөн өткөрүлөт. Улуттук «Ирак аба каттамдары» компаниясы да Иран менен болгон каттамдарын убактылуу токтотту. Бул кадамга Ирак бийлиги Иранда коронавирус жугузган эки адам өлгөнү тууралуу маалыматтан кийин барды. Миллиондогон ирандык жарандар Ирактагы шиит мусулмандарынын ыйык жерлерине зыяратка барышат. Читать дальше...
20-февралдагы АКШда соттун чечими менен Стоун үч жыл, төрт айга эркинен ажыратылды. Ал Конгрессте жалган маалымат берген жана күбөлөргө кысым кылган деп айыпталды. Стоунга коюлган айып атайын прокурор Роберт Мюллердин АКШдагы шайлоого Орусиянын кийлигишүүсүн иликтөө иштерине байланыштуу. Мурдараак бул иш боюнча Трамптын шайлоо штабынын бир нече мүчөсү кармалган. Стоунга коюлуп жаткан айыптардын негизгиси - ал Конгресстин Өкүлдөр Палатасында өзүнүн «WikiLeaks» сайты менен байланышы болбогонун айтканы. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Атамбаевдин абалы туруктуу жана дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин маалымдоодо. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 20-февралда «Азаттыкка» билдирди. Атамбаевдин саламаттыгы начарлап кеткени тууралуу 19-февралда анын адвокаты Замир Жоошев жана уулу Кадыр Атамбаев кабарлашкан. Уулу Кадыр Атамбаев «Фейсбуктагы» баракчасында атасынын кан басымы кескин төмөндөп кеткенин, дарыгерлер бул инсульт, инфаркт жана башка күтүүсүздүк... Читать дальше...