Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Май
2020

Новости за 16.05.2020

Пандемия туризм тармагын өзгөртө баштады

Azattyk.org 

Коронавирус пандемиясы эл аралык каттамдарды жана туризмди тушап койгону белгилүү. “Саякат алкактары” туризм тармагын калыбына келтире алабы? Деги эле пандемия саякатты кандай өзгөртүшү мүмкүн?

"Дордойдогу" жазгы кийимдер сатылбай калды

Azattyk.org 

100 миңге жакын адам эмгектенген “Дордой” базары жандана баштады. Азырынча фурнитура, кездеме саткандар толук жумушка чыкты. Ал эми дүңүнөн соода кылгандар базарга эки саатка келип жатышат. “Дордой” 21-майдан тарта толук иштей баштайт. Сатуучулардын айтымында, чек аралар ачылбаса соода жакшы жүрбөйт.

Лавров: маршал Коневдин эстелиги Прагада кайра орнотулушу керек

Azattyk.org 

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров советтик маршал Иван Коневдин эстелиги Прагада кайра ордуна тургузулушу керек деп билдирди. Чехиянын башкалаасынын бийликтери эстеликти өткөн айда ордунан алышкан. Жума күнү РБК кабар агенттиги жарыялаган маегинде Лавров чех бийликтеринин бул чечимине берген түшүндүрмөсүн "жаш баланын айтканы" деп, аны 1993-жылы кол коюлган Орусия менен Чехия ортосундагы достук тууралуу келишимди бузуу деп сыпаттады. Коомдук талаш-тартыштын обьектине айланган маршал Конев... Читать дальше...

Германияда Бундеслиганын оюндары жанданды

Azattyk.org 

Пандемия башталгандан бери Европадагы лигалардын ичинен ишембиде эң алгачкылардан болуп Германияда Бундеслига оюндары жанданды. 18 улуттук клуб мелдеше турган чемпионаттын алгачкы оюну Дортмунд шаарындагы ээнсиреген стадиондо жергиликтүү "Боруссия" командасы менен "Шальке-04" ортосунда 4:0 эсебинде аяктады. Ишембиде дагы беш мелдеш уюшулду. Катаал саламаттык чаралары, коопсуздук эрежелери астында өткөн Дортмунддагы мелдешти стадиондо 200дөй гана киши көрө алды. Алардын көбү медициналык кызматкерлер... Читать дальше...

Тажикстанда коронавирус дагы 204 адамдан табылып, бардыгы 1322 болду

Azattyk.org 

Тажикстанда 16-майда саат 17:30га карата дагы 204 кишиден коронавирус табылганын бул өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Ошону менен вирус жуктургандардын жалпы саны 1322 кишиге жетти.  Акыркы бир сутка ичинде илдеттен үч киши каза тапты, өлгөндөрдүн жалпы саны 36 болду.  Жергиликтүү тургундар жана көз карандысыз эксперттер бул расмий маалымат ишенич жаратпай турганын, социалдык тармактарда жакындарын жоготкондор, туугандары оор абалда жаткандардын кабарлары, видеолору жайнап кеткенин айтышат. Читать дальше...

"Атам Кыргызстанды сагынып жүрүп кете берди..."

Azattyk.org 

14-майда Түркиядагы ван кыргыздарынын тарыхчысы, санжырачысы, аалымы Абдулхалим Ватан дүйнө салды. Ал кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын жана маданиятын изилдеп, айыл тургундарынын маселелерин Кыргызстанга жеткирип турган.

Масалиев: Бийликтин элден обочо жашап жатканы көрүндү

Azattyk.org 

"Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун дарегине ыраазычылык кат жолдошу - бийлик элден обочолонуп, өзүнчө жашап калганын көрсөттү". Мындай пикирин Кыргызстандын коммунисттер партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев "Азаттык" радиосуна билдирди: "Буга таң калып кереги жок. Парламент өкмөттүн ар бир ишин колдоп, чала-чарпыт аткарылган иштерин да кубаттап отурса, албетте мактайт. Мына... Читать дальше...

Эл үнү: Анализ көйгөйү ишкердин колун байлады

Azattyk.org 

Өлкөдө өзгөчө абал алынып, жашоо кадимки ыргагына түшө баштаганы менен дагы эле жардам сурагандар арбын. “Эл үнүнө” кайрылган ишкер "карантин бүттү дегени менен фирмаларды тоноо болуп жатат" деп даттанды.



Өкмөт башчы парламент спикери баштаган депутаттарга ыраазычылык билдирди

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогору Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков башында турган депутаттарга колдоо көрсөткөнү жана кызматташууга конструктивдүү мамиле кылганы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Өкмөт башчы спикерге жолдогон ыраазычылык катында Кыргызстанда бийликтин аткаруу жана мыйзам чыгаруу бутактарынын мамилеси өлкөдөгү кырдаалга жана мамлекеттик маанилүү чечимдерди кабыл алуу, аны жүзөгө ашырууга... Читать дальше...

Өкмөт башчы парламент спикерине жана айрым депутаттарга ыраазычылык билдирди

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогору Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков башында турган депутаттарга колдоо көрсөткөнү жана кызматташууга конструктивдүү мамиле кылганы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда өкмөттүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. Өкмөт башчы спикерге жолдогон ыраазычылык катында Кыргызстанда бийликтин аткаруу жана мыйзам чыгаруу бутактарынын мамилеси өлкөдөгү кырдаалга жана мамлекеттик маанилүү чечимдерди кабыл алуу, аны жүзөгө ашырууга... Читать дальше...

Ак-Сууда жаңы бала бакчанын курулушу башталды

Azattyk.org 

Жаңы бала бакчага "Кумтөр" алтын кенинде иштеп жатып, каза тапкан кызматкер - Өмүрбек Күрүчбек уулунун аты ыйгарылмакчы. Бала бакча курулушунун чыгашасын жарымын "Кумтөр" ишканасы өзүнө алган, калганы Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланат. Бул тууралуу "Тунук Курулуш" куруучу компаниясынын жетекчиси Сарбагыш Эсенбаев билдирди. Анын айтуусунда, маркум иштеген "Кумтөр" ишканасы каза болгон кызматкеринин айылына бала бакча куруп берүүнү убада кылган. "Бала бакчанын куруу иштери бүгүн, 16-майда башталды. Читать дальше...

Спортчулар бюджеттин кыскарышына нааразы

Azattyk.org 

Коронавирус пандемиясына байланыштуу мамлекеттик бюджеттин чыгашасын кыскартууда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин бюджети дээрлик 70 пайызга азайтылганы айрым спортчулардын нааразылыгын жаратты. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов бул улуттук командалардын машыгууларына гана эмес, жаштар менен иштөөгө да кедергисин тийгизет деп эсептейт: “Биздин бюджеттин 50 пайызы айлык менен социалдык төлөмдөр. Калганы спорттук мелдештерге сарпталат. Читать дальше...

Сузак: сел жана жер көчкү элди көчүрдү

Azattyk.org 

Сузакта жер көчкү жана сел ташкыны кооптуулугунан улам чатырга көчүрүлгөн 20дай үй-бүлө жаңы турак жай салууну баштай элек. Айрымдарында жер тилке, кээ бирлеринде каражат жок. Көп балалуу үй-бүлөлөр жана карылар жамгырлуу жана ысык күндөрдү эки жумадан бери чатырда өткөрүүдө. Жергиликтүү бийлик жер тилкеден башка жардам бере албасын айтууда.

Аба ырайы: Күн күркүрөп жаан жаайт

Azattyk.org 

17-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо жамгыр карга айланат. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Читать дальше...

Чукул билдирүү: Сел жүрүшү мүмкүн

Azattyk.org 

17-20-май күндөрү Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. 17-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, 18-майда күндүз Баткен, 19-майда жана 20-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Айрым жерлерде мөндүр коштойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Читать дальше...

Өзбекстанда карантин 1-июнга чейин узартылды

Azattyk.org 

Өзбекстанда карантин 1-июнга чейин узартылды. Бирок 15-майдан тарта айрым ишканаларга ишин жандандырууга уруксат берилгени кабарланды. Өкмөттүн атайын комиссиясынын маалыматына караганда, Өзбекстанда 2652 адам коронавирус жуктуруп алган, 11 киши илдеттен кайтыш болду. Коңшулаш Казакстанда коомдук транспорттун жүрүү убактысы эки саатка узартылды. Нур-Султан шаарында автобустар саат 6:00-22:00 чейин жүрөт. Казакстанда өзгөчө абал 11-майдан тартып алынган, бирок эпидемиологиялык кырдаалга жараша карантин улана берет. Читать дальше...

Түркияда ооруканалар чет өлкөлүк бейтаптарды кабыл ала баштайт

Azattyk.org 

Бул тууралуу Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги маалымат таратты. Анда 20-майдан тарта Түркиянын ооруканалары 31 өлкөдөн бейтаптарды кабыл ала баштары жазылган. Бул өлкөлөрдүн тизмесинде Кыргызстан, Казакстан жана Орусия бар. Чет өлкөлүк бейтаптар учакка салынып жатканда жана учак сапарында тыкыр текшерүүдөн өтүп, бейтап менен кошо эки гана жакынын алууга уруксат берилет. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 4-майда карантиндик чектөөлөрдүн айрымдарын алууга даярданып жатканын билдирген. Читать дальше...

Өзбекстанда чөнтөк телефондон маалымат уурдаган вирус тарады

Azattyk.org 

"Android Trojan Spy" деп аталган жаңы вирус чөнтөк телефондон маалымат уурдай турганы аныкталды. Бул тууралуу «Узкомназорат» - Өзбекстандын маалымат жана телекоммуникация тармагын көзөмөлдөөчү инспекциясы кабарлап, эскертти. Мекеменин сайтында жазылгандай, аны вируска каршы иштеген "Eset" компаниясы аныктаган. Маалыматка ылайык, "Android Trojan Spy" вирусу COVID-19 темасына жашырылган. «Программа коронавирус эпидемиясынын статистикасын көрсөтөт, бирок ошол эле учурда шылуундарга телефондогу камера... Читать дальше...

Новости России
Москва

Продвижение новых песен с высоким результатом


Москвада коронавирус жуктургандар азайды

Azattyk.org 

Орусиянын борборунда COVID-19 илдетин жуктургандардын саны акыркы суткада 3,5 миң адам болду. Бул 30-апрелден берки эң аз көрсөткүч. Коронавирустун жайылышына жол бербөө штабынын маалыматына караганда, майдын башынан бери Москвада күн сайын 5-6 миңден адам коронавируска чалдыкканы аныкталып жаткан. Акыркы суткада Орусиянын 83 аймагында, аннексияланган Крымды да кошо эсептегенде 9200 адам вирус жуктуруп алганы аныкталды. Өлкөдө жалпысынан 272 миң адам оору жуктуруп алган. 63 166 адам сакайып чыкты. Читать дальше...

Байбичелер бийкечтерге айланганда...

Azattyk.org 

Карантин түрдүү кесиптеги адамдардын колу-бутун бууп, жумуш кылдырбай, бекерчиликтен тажатканы бүгүн көпчүлүк кыргызстандыктарга тааныш.

Журналисттерди колдоо планы өкмөт менен чогуу талкууланат

Azattyk.org 

Бийликке сунушталган журналисттерди колдоо боюнча антикризистик план жакынкы күндөрү Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен чогуу талкууланат. Мындай маалыматты “Азаттык” радиосуна Көз карандысыз журналисттер биримдигинин төрагасы Азамат Касыбеков билдирди. Анын айтуусунда, журналисттердин ишмердүүлүгүндөгү салык боюнча сунуштар, экономикалык жана уюштуруу чаралары камтылган план президентке, өкмөткө жана парламентке 5-майда жиберилген. Көз карандысыз журналисттердин биримдиги коронавирус... Читать дальше...

Төрөтканалар кабыл албай койгон келиндин баласы ичинен чарчап калган

Azattyk.org 

Бишкекте төрөтканалар кабыл алуудан баш тарткан келиндин баласы курсагында чарчап калган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин башкы гинекологу Раиса Асылбашева "Азаттыкка" билдирди. Анын сөзүнө караганда, келин курсагындагы түйүлдүк кыймылдабай калганын байкаса деле төрөтканага кайрылбай жүрө берген: "Бала 27-28 жумалык мөөнөттө, өлүү төрөлдү. Келиндин айтуусунда, ымыркай курсагында андан мурда эле кыймылдабай калган. Бул жерде дарыгерлердин да, келиндин да күнөөсү бар. Келин курсагындагы... Читать дальше...

COVID-19: жаназа окулбаган маркумдар

Azattyk.org 

15-майда Тажикстанда бир күндө коронавирус жугузуп алган 211 киши аныкталганы кабарланды. Эпидемия башталгандан бери бул бир күндө катталган эң жогорку көрсөткүч.

Бишкекте коронавирус жугузуп алган сатуучу 48 адам менен байланышта болгон

Azattyk.org 

Бишкек шаарында соода борборунун вирус жуктурган бир кызматкери 48 адам менен байланышта болгон. Ушундан улам, шаардын вице-мэри Татьяна Кузнецова шаардыктарды эл көп чогулган жерлерге барбоого, муктаждык болбосо үйдөн чыкпай турууга чакырды. Вице-мэр бул тууралуу бүгүн, 16-майда брифингде билдирди. Маалыматка ылайык, 16-майга карата Бишкекте вирус жуктуруп алгандардын саны 305 адамга жетти. Булар менен байланышта болгон 648 киши обсервацияда, 765 адам медициналык көзөмөлдө. Жалпы шаардагы обсервация жайларында учурда 1064 киши жатат. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Рафаэль Надаль

Легечка обыграл Надаля и сыграет с Медведевым в 1/4 финала «Мастерса» в Мадриде






Виталий Гинзбург: они будут манипулировать коррупцией в своих интересах.

«Тоттенхэм» уступил «Челси» в лондонском дерби в чемпионате Англии

Правда ли, что антисемиты выгнали советского писателя Алексина в Израиль?

Танк Abrams заметили на трассе под Ельцом