Улуттук банк 10 млн. 400 миң доллар интервенция жасады
Кыргызстанда доллардын курсу жогорулап кеткендиктен Улуттук банк жыл башынан бери кезектеги тогузунчу интервенцияны жасады. Өлкөнүн негизги банкы 1-июлда 10 млн. 400 миң долларды сатыкка чыгарды. 1-июлга карата расмий курс 75 сом 98 тыйын, ал эми 2-июлга карата 78 сом 68 тыйын деп аныкталды. Бул бир күндө кымбаттоо 3,55%, башкача айтканда, 3 сом 30 тыйын дегенге барабар. Ушул тапта жеке менчик банктарда бир доллар 78 - 78 сом 30 тыйындан сатып алынып, 78 сом 70 тыйындан 79 сомго чейин сатылууда. Читать дальше...