Москвада 15-июлга белгиленген митингге уруксат берилген жок
Москванын бийлиги оппозициячыл күчтөргө 15-июлда Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө каршы митинг өткөрүүгө уруксат берген жок. Бул тууралуу акцияны уюштуруп жаткандардын бири, шааардын коомдук байкоочу комиссиясынын мүчөсү Марина Литвинович билдирди. Активисттер Баш мыйзамдын өзгөргөнүнө каршы акцияны Москванын Пушкин аянтында өткөрүүнү пландап жатышкан. Литвиновичтен тышкары митинг өткөрүү тууралуу «Ачык Орусия» коомдук уюмунун аткаруучу директору Андрей Пивоваров менен координатору Татьяна Усманова да өтүнүч келтиришкен. Читать дальше...