Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2020

Новости за 02.09.2020

БШК «Бүтүн Кыргызстанга» каршы арызды карады

Azattyk.org 

«Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоого каттоодон баш тартуу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобунун сунушу колдоо тапкан жок. БШКда Турсунбай Бакир уулунун тизме боюнча партияга каршы жазган арызы 2-сентябрда каралды. Эми Турсунбай Бакир уулу партиядагы тизме боюнча сотко кайрылаарын билдирди.

Административдик ресурстун арааны (аудио)

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону калыс өткөрөрүн айтып келет. Ага карабай жер-жерлерде бийлик органдары айрым партияларга иштеп жатканы жарандык коомдун акцияларында айтылууда.

Помпео Беларус бийлигинен зомбулукту токтотууну талап кылды

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Беларус бийлигинен оппозициячыл күчтөрдү куугунтуктоону тез арада токтотууну талап кылды. Помпео бул тууралуу 2-сентябрдагы маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда Кошмо Штаттар Европадагы өнөктөштөр менен бирге Беларустагы айрым жетекчилерди бутага ала турган санкцияларды караштырып жатат. Помпео өзүнүн көрсөтмөсү мамлекеттик катчынын орун басары Стивен Биган чөлкөмгө барып келгенин, Вашингтон "Беларус эли өз лидерин өзү тандоо укугуна татыктуу" деп эсептей турганын кошумчалады. Читать дальше...

“Дин аркылуу башка адамдарды жакшы көрө баштадым”

Azattyk.org 

Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган бул подкаст көз карандысыз изилдөөчү Элмурат Аширалиевдин “Киши” подкаст долбоорунун экинчи сезону. Бул чыгарылышта автор эки кыргызстандыкты кепке тарткан. Алардын бири Нурбек ислам динин терең түшүнүп жашоого Саид Нурси аттуу ойчулдун китептери жардам бергени жөнүндө баяндайт. Экинчиси Эрмамат бир мусулман катары бул жашоодогу максатына токтолот.

Кадыров кызын бийликке алып келди

Azattyk.org 

Тажикстанда миңдеген студент окуусун улантканы Орусияга жете албай турушат. АКШдагы түркмөндөр митинг өткөрүп, президент Бердымухамедовдун саясатына каршылык билдирип чыгышты. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров 21 жаштагы кызын маданият министринин биринчи орун басарлыгына дайындады.

Германия: Навальный «Новичок» менен ууландырылышы мүмкүн

Azattyk.org 

Германиянын өкмөтү орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын канынан «Новичок» тобуна кирген, адамдын нерв системасына зыян келтирүүчү химиялык зат табылганын билдирди. Немис канцлери Ангела Меркелдин басма сөз катчысы Штеффен Зайберт мындай тыянакты Германиянын атайын аскердик лабораториясы чыгарганын 2-сентябрда айтты.  44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, өзүн жаман сезе баштаган. Дааратканада эстен танып жыгылгандан кийин учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон. Читать дальше...

Түркмөнстанда беткап кийбегендер пахта терет

Azattyk.org 

Түркмөн бийлиги өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Марый облусунда беткап кийип жүрүү эрежесин сактабаган, буга байланыштуу айып төлөй албаган жарандарды пахта терүүгө жөнөтүп жатканы кабарланган. Ашхабад мындан баш тарткандар эмгек лагерлерине мажбурлап жөнөтүлөрүн эскертти.



«Бүтүн Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүү жөнүндө сунуш колдоо тапкан жок

Azattyk.org 

«Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоого каттоодон баш тартуу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобунун сунушу колдоо тапкан жок. Аталган партияга каршы Турсунбай Бакир уулу жазган арызды караган жумушчу топтун жыйыны 2-сентябрда болду. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого баратканын айткан Бакир уулу талапкерликтен чыгып калганын билдирген. Ал партиянын эң жогорку органы болгон жыйындын чечимин өз алдынча бурмалоого жол берген деген негиз менен партия лидери Адахан Мадумаровго кине койгон. Читать дальше...

Кавасаки синдрому Кыргызстанда катталган жок

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда балдар арасында Кавасаки синдрому катталбаганын билдирип, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.  Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2-сентябрда эксперттерден турган жумушчу топ балдар арасында коронавирус менен байланышкан мультисистемалык сезгенүү учурларына байланыштуу жыйынга чогулду.  COVID-19 илдети менен байланышкан оору балдар арасында кездешип жатканын мурдараак Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча мамлекеттик... Читать дальше...

БШКда «Бүтүн Кыргызстан» партиясын жарыштан четтетүү жөнүндө сунуш киргизилди

Azattyk.org 

Турсунбай Бакир уулунун арызын караган Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобу «Бүтүн Кыргызстан» партиясын парламенттик шайлоого каттоодон баш тартуу тууралуу сунуш киргизди.  Жумушчу топтун сунушун 2-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жалпы жыйында карап баштады.  Ага "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров жана партияга каршы арызданган Турсунбай Бакир уулу да катышып жатат.  «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого баратканын айткан Бакир уулу талапкерликтен чыгып калганын билдирүүдө. Читать дальше...

БШК шайлоого катышууга алгачкы төрт партияны расмий каттады

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга төрт партияны расмий каттады. Алар - «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы», «Бир Бол», «Замандаш» жана «Ата Мекен» партиялары. Саясий жарышка катышууга 17 партия 24-августта документ тапшырган. Эреже бузган деген негизде «Кыргызстан» партиясынын документтери артка кайтарылып, бирок аталган партия сотто БШКны утуп алды. БШК партиялардын документин тактап... Читать дальше...

Шайлоо-2020: Добуштун баркы жана баасы

Azattyk.org 

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун алдында административдик ресурс колдонуу, добуш сатып алуу боюнча фактылар териштириле баштады. Шайлоону калыс өткөрүү маселеси Коопсуздук кеңешинде талкууланып, президент бир катар жетекчилерди сынга алды. Өлкөдө административдик ресурс менен добуш сатып алууга жарандык коом канчалык каршы тура алат? Шайлоонун жыйынтыгына таасир этчү бул көрүнүштөргө бийлик өзү кызыкдар эмеспи? Талкууга вице-премьер-министр, шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын жетекчиси Акрам Мадумаров... Читать дальше...

Жалдагы чуулгандуу мушташ үчүн айыпталгандарга өкүм чыкты

Azattyk.org 

Бишкектин Ленин райондук соту 27-августта Жал кичирайонундагы чуулгандуу мушташ үчүн айыпталган эки бир тууганга өкүм чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчысы Айсулуу Жаасынова «Азаттыкка» билдирди. Соттун чечимине ылайык, бул иш боюнча айыпталган 34 жаштагы Жаныбек Бапышев Жазык кодексинин 39-130-беренеси («Киши өлтүрүү аракети») менен 10 жылга кесилди. Анын бир тууганы, 20 жаштагы Калысбек Сейитбеков ушул эле берененин негизинде 11 жылга эркинен ажыратылды. Былтыр 28-августта... Читать дальше...

Ысык-Көлдө туризм үзгүлтүккө учурап, салык аз төлөндү

Azattyk.org 

Коронавирус пандемиясынан улам Ысык-Көлдө быйыл жайкы туризм үзгүлтүккө учурады. Буга байланыштуу салыктын көлөмү июнь айында 63%, июлда 42% азайды. Бул маалыматты өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Элчибек Жантаев бүгүн, 2-сентябрда брифингде билдирди. «2020-жылдын жайкы туристтик мезгилди ийгиликтүү өткөрүү жана экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу максатында 1-июндан баштап туризм секторуна иштөөгө уруксат берилген. Бирок июнь айында эс алуучулардын жоктугунан улам айрым эс... Читать дальше...

Тизмеден чыккан тиреш

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу талапкерликтен чыгып калган Турсунбай Бакир уулунун партиянын жыйынында бекитилген тизменин өзгөртүлүшүнө байланыштуу «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясына карата арызын карай баштады.

Софияда өкмөткө каршы митинг кагылышуу менен коштолду

Azattyk.org 

Болгариянын баш калаасы Софияда премьер-министр менен башкы прокурордун кызматтан кетишин талап кылган демонстранттар менен полиция кагылыша кетти. Бүгүн, 2-сентябрда миңдеген адамдар Софиянын мамлекеттик башкы имараттары жайгашкан Эгемендик аянтына топтолуп, өкмөттүн жаңы Конституция боюнча планына каршылык билдиришти. Демонстранттар Болгариянын өкмөтүн жана сотторун олигархтар көзөмөлдөп калганын айтып жатышат. Демонстранттар полициянын тосмосунан өтүүгө, алардын автобустарын оодарып салууга аракет кылышты. Читать дальше...

Казак бийлигин сындаган журналист "Qazaqstan" телеканалынан кетти

Azattyk.org 

Казакстандын мамлекеттик "Qazaqstan" телеканалынын 34 жаштагы журналисти Ербол Мандибек «өз каалоосу менен» жумуштан кетти. Он жылдан ашык президент катышкан иш-чараларды чагылдырып, акыркы үч жылдан бери атайын кабарчы болуп иштеп келген Мандибек телеканалдын жетекчилигин жана анын редакциялык саясатын сынга алууда. Ал бир нече айдан бери соцтармактардагы баракчаларына мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев, президенттик иш башкармалыктын мурдагы башчысы Болат Утемуратов өңдүү миллиардерлердин байлыгы... Читать дальше...

Новости России
Москва

МЧС РФ: в общежитии РУДН в Москве произошло короткое замыкание


Акрам Мадумаров: Шайлоонун таза өтүшү шайлоочулардан көз каранды

Azattyk.org 

4-октябрга белгиленген шайлоонун таза, калыс өтүшү шайлоочулардын өзүнөн көз каранды. Мындай пикирин вице-премьер-министр, кыргыз өкмөтүнүн парламенттик шайлоону уюштуруу штабынын башчысы Акрам Мадумаров «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасына билдирди. Вице-премьер-министр шайлоочунун паспортун мажбурлап эч ким ала албай турганын айтты: «Паспортун бирөө келип уурдап албайт же үйүнө катып койгон жеринен келип сүрөткө тартып кетпейт. Паспортту акчага алмаштырып, ал адам өзү берип жатат. Эгер биз кийинки парламент... Читать дальше...

АКШнын дипломаты Беларустагы демонстранттарга колдоо көрсөттү

Azattyk.org 

Вашингтон европалык өнөктөштөр менен бирге Беларус бийлигинен саясий туткундарды бошотууну, демонстранттарга күч колдонууну токтотууну жана элге эркин шайлоо аркылуу өз өкмөтүн өзү тандоого шарт түзүүнү талап кылууну улантат. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Стивен Биган "Эркин Европа / Азаттык" радиосу менен телефон аркылуу маегинде билдирди. "Сиздер, Беларус эли, демократия менен эркиндик канчалык маанилүү экенин эске салдыңыздар. Сиздер көрсөткөн кайратмандыкка суктанабыз жана ийгилик каалайбыз", - деди Биган. Читать дальше...

Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында калды

Azattyk.org 

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында калтырылды. Мындай чечимди бүгүн, 2-сентябрь күнү Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Алмазбек Атамбаев менен чогуу Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан Кундуз Жолдубаева билдирди: "Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш окуясы боюнча бөгөт чарасы каралбаптыр. Ал эми Азиз Батукаевдин иши боюнча сот чечими күчүнө киргендиктен, Алмазбек Атамбаев №1 тергөө абагына которулмак. Читать дальше...

Ысык-Көл: Пандемияда эс алуу жайларынын 41 % иштеген жок

Azattyk.org 

Быйыл коронавирус пандемиясынан улам Ысык-Көлдө эс алуучуларды кабыл алган жайлар олуттуу зыян тартты. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Элчибек Жантаев 2-сентябрдагы брифингде быйылкы июнь-июль айларындагы статистика, туризм тармагы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, июнь айында эс алуучулардын жоктугунан айрым эс алуу жайлар туристтик мезгилде иштөөдөн баш тарткан. Облуста бул жылы жалпы 533 эс алуу объектилери  иштөөгө уруксат алган.  2020-жылдын 1-июлуна карата анын 313ү ишке кирген... Читать дальше...

Коопсуздук кеңеши: Добуш берүүдө санитардык талаптар бекем сакталууга тийиш

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоону уюштуруу маселеси Коопсуздук кеңешинин 1-сентябрдагы жыйынында каралды.  Анда шайлоону ачык, мыйзамдуу өткөрүү, электр жана байланыш системалары менен шайлоо участокторун үзгүлтүксүз камсыз кылуу, 19-сентябрга чейин укук коргоо органдары менен кошо шайлоону өткөрүүгө жана добуш берүү күнү тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого даярдануу тапшырылды. Чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын дипломаттык өкүлчүлүктөрүндө жайгашкан шайлоо участокторунун ишин туруктуу координациялоо... Читать дальше...

AI: Иран бийлиги митингчилердин укугун одоно бузган

Azattyk.org 

"Amnesty International" укук коргоо уюму (AI) Иран бийлигин 2019-жылдын ноябрь айындагы каршылык акцияларында кармалгандардын укугун одоно бузду деп айыптады. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан уюм мындай мазмундагы жаңы баяндамасын 2-сентябрда жарыялады. Анда былтыркы элдик толкундоолор маалында кеминде 304 демонстранттын өмүрү кыйылганы, күч кызматкерлери миңдеген адамдарды камакка алып, аларга ырайымсыз мамиле жасаганы белгиленген. Былтыр Иранда бензиндин баасынын кымбатташынан улам ири жүрүштөр башталып... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублёв: быстрая победа над Грикспором связана с тем, что хотел быстрее уйти с корта






Собянин: Московская неделя предпринимательства начнется 16 мая

Le Parisien: на Олимпиаде в Париже будут подавать около 40 разных блюд ежедневно

На площадках фестиваля «Пасхальный дар» работают пункты обмена вещами

Юрист Билялова рассказала, что грозит за не поданную до 2 мая декларацию о доходах