Конституциялык кеңешмеде долбоордогу «улуту» графасы боюнча талаш чыкты
Конституциялык кеңешме кезектеги жыйынында Баш мыйзамдын долбоорунун 31-беренесине «улуту» графасы аркылуу улутун көрсөтүү боюнча демилге колдоо тапкан жок. Кеңешменин көпчүлүк мүчөлөрү бул жобо мыйзамдар менен жөнгө салынганын белгилешти. Алардын бири, парламенттин мурдагы депутаты Эсенгул Исаков мындай деди: «Толук алып салыш керек дегеним, жакында эле «паспортто улуту көрсөтүлөт» деген кирди. Ар бир жаран өзү паспорт алып жатканда укугу бар, өзү айтып жаздырып алат. Азыр Конституцияга майдалап жазып алсак, башкача чечмелеп алгандар бар. Читать дальше...