Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2023

Новости за 20.04.2023

Чүй дарыясы: жүздөгөн гектар жер казак тарапта калды

Azattyk.org 

"Азаттык" кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясы сол жээгин кемирип, гектарлаган жер Казакстан тарапта калган жагдайды иликтеп чыкты. Мындан эки жылга жакын убакыт мурда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өлкө кеминде 800 гектардай жеринен ажыраганын билдирген жана бул жагдайды президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын айткан. Бирок быйылкы дамба курууга каралган каражат азыркыга чейин бөлүнүп бериле элек.

Мажитова Кыргызстанда кара паранжа кийгендер көбөйгөнүнө тынчсызданды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште депутат Шарапаткан Мажитова Кыргызстанда бети-башын толук чүмкөгөн, кара паранжа кийген кыз-келиндерге, аялдарга  байланыштуу масле көтөрдү. Ал 20-апрелдеги жыйында Ош облусундагы жагдайды мисалга тартып,  бул жаатта Дин иштери комиссиясына тапшырма берилиши керектигин айтты. "Биз жакында Ошко социалдык пакет боюнча сертификаттарды тапшырганы барганда, аны алганы келген көпчүлүк аялдар көзү гана көрүнгөн кара кийим кийип отурушту. Жоолуктарын салына беришсин, бирок эмне үчүн капкара болуп чүмкөнүп алышат? Читать дальше...

Кыргыз өкмөтү "Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ишканасын түздү

Azattyk.org 

Министрлер кабинети Бириккен Араб Эмираттарынан түз инвестицияларды тартуу үчүн “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ачык акционердик коомун түздү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 20-апрелде билдиргендей, анын уставдык капиталы 100 млн. АКШ долларын түзөт. Маалыматта жаңы ишкана инфраструктураны жана энергетиканы өнүктүрүүгө, экспортту колдоого, жаңы технологияларды тартууга, өнөр жайды модернизациялоого, кошумча нарк чынжырчасын түзүүгө жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоого басым жасай турганы айтылат. Читать дальше...

Кадырбеков кылмыштуулук көбөйгөн жагдайды талдоону сунуштады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 20-апрелдеги жыйынында "Ыйман нуру" фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков Кыргызстандагы кылмыштуулуктун абалы тууралуу маселе көтөрдү. Ал дүйнөлүк рейтингдерде өлкө арткы орунда турганын айтып, буга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. "Бул эмнеден улам болуп жатат? Ушуну дагы бир талдайлычы. Күч органдарына тапшырма берип, иликтейли. Балким күч органдары жакшы иштебей жаткандыр, балким мектептерде тарбия керектир. Анткени туристтерди качырып алышыбыз мүмкүн. Инвесторлорду айтпай эле коеюн",-деди Кадырбеков. Читать дальше...

Баткенде үй курган жумушчулар айлыгын алалбай жатканы айтылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 20-апрелдеги жыйынында депутат Нурлан Ражабалиев Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү курулушуна байланыштуу маселе көтөрдү. Ал мындан улам президенттин жана өкмөтүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, чара көрүлүшү керектигин билдирди. "Баткенде калыбына келтирүү жумуштарынын абалы жакшы эмес. Жалпы жумушту "Аманат курулуш инвест" компаниясы алган. Ал  "Доор курулуш" деген субподрядчыга берген. Өз маалында алар бештен-ондон кылып... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо мүшкүлү: картага такалган жумуш

Azattyk.org 

Ушул аптада президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы жөнүндө пикирин билдирип, аны тактоо иштери жай жүрүп жатканын айтты. Былтыр 24-25-декабрда Баткенге барганда мамлекет башчысы Өзбекстан менен чек ара дээрлик такталып бүткөнүн айтып, Тажикстан менен чек ара быйыл май айында бүтүп калат деген болчу. Коңшулар ортосунда кан төгүүлөрдү алып келген чек араны тактоо эмнеге кечеңдеп жатат, ал мамлекеттер аралык мамилеге жана чек ара айылдарынын жашоочуларына кандай таасирин тийгизүүдө. Президент... Читать дальше...

Улуттук банк валюта базарына дагы 18 млн. доллар сатты

Azattyk.org 

Улуттук банк ушул айда экинчи жолу интервенция жасап, валюта базарына дагы  18 миллион 400 миң доллар сатты. Мындан бир аптадай мурда 46,1 миллион долларды сатыкка чыгарды. Башкы банктын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыл башынан бери акча базарына сегиз ирет доллар чыгарылды жана анын жалпы суммасы 371 миллион доллардын ашты. 2022-жылы Улуттук банк он беш жолку интервенцияда 486 миллион доллар сатып, кайра 190 миллион доллар сатып алган. Интервенция доллардын курсу кескин көтөрүлүп же түшүп кеткенде жасалат. Читать дальше...

Бишкек: мектептерге бомба коюлганы жөнүндөгү кабар текшерилип жатат

Azattyk.org 

Бишкек шаарында бир катар мектептерге 20-апрелде эртең менен бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, окуучулар сыртка чыгарылды. Күбөлөрдүн айтымында, учурда №33, 67, 17, 51, 52, 62, 63 мектептерде, ошондой эле Чыңгыз Айтматов атындагы лицейде, Seitek STEM, Bishkek International School жеке менчик окуу борборлорунда окуучулар эвакуацияланды. Айрым окуу мекемелерин милициялар курчап турат жана өрт өчүргөн машиналар да келген. Шаардык милицияга бул окуяларга байланыштуу азырынча расмий комментарий бере элек. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Большой шлем

«Надо чем-то жертвовать». Арина Соболенко отказалась ехать на Олимпиаду в Париже






В Ступине объявлен конкурс на выполнение работ по строительству котельной

На территории исторической усадьбы Усачевых-Найденовых отреставрировали статуи

Премия «Рекорды Рынка Недвижимости» наградила лучшие проекты и компании 2024 года

Фото: в Москве ливневка справилась со сверхинтенсивным дождем