Кемпир-Абад иши: айыпталуучулар сотко алынып келе баштады
"Азаттыктын" кабарчысынын билдиришинче, Кемпир-Абад иши боюнча сотко алгачкылардан болуп абакта жаткан Жеңиш Молдакматов алып келинди. Бүгүн, 22-июнда Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын иши боюнча сот алдын ала угуу өткөрөт. Дээрлик сегиз ай бою тергелген Кемпир-Абад иши сотко өткөнү 19-июнда маалым болгон. Ал күнү ушул иш боюнча камалган 16 кишинин абактагы мөөнөтү дагы эки айга узарган. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” деген гриф койгон. Читать дальше...