Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Новости за 26.06.2023

Туризмди өнүктүрүү фондунун башчысы Калашникованын абактагы мөөнөтү узарды 

Azattyk.org 

Коррупцияга шектелип кармалган Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашниковнын абактагы мөөнөтү узартылды. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 19-июнда анын бөгөт чарасын карап, 22-августка чейин абакта кармоо чечимин чыгарган.  Райондук соттун басма сөз кызматынан 26-июнда “Азаттыкка” билдиргендей, соттун чечими менен анын орун басары Александр Валитов дагы ушул мөөнөткө чейин камакта болот. УКМК өкмөт түзгөн Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашникова менен анын орун басары... Читать дальше...

1-класска кабыл алууга электрондук каттоонун экинчи этабы башталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда мектептерге 1-класска балдарды кабыл алууга электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Ата-энелер жашаган дарегине карабай каалаган мектебине каттоого тургуза алышат. Жараян 31-августка чейин жүрөт. Билим берүү министрлиги маалымдагандай, 1-класска кабыл алуунун баштапкы этабы 10-апрелден 25-июнга чейин жүргүзүлдү. Маалыматка ылайык, бул аралыкта мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин башталгыч класстарына 81 396 бала кабыл алынган. Алардын ичинен аскер кызматкерлеринин, "кайрылман" макамы бар жарандар... Читать дальше...

Таштанды полигонуна мобилдик жабдык орнотуу келишими түзүлдү

Azattyk.org 

Бишкектин таштанды полигонунда таштандыны сорттоочу жабдык иштей баштай турганын бүгүн 26-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинде депутаттарга маалымат берип жатып борбор калаанын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев билдирди. Анын айтымында, жабдык чехиялык компания менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоор алкагында орнотулуп, август айынан тартып иштей баштайт деп пландалууда: “Азыркы кезде Бишкекте пилоттук негизде 10 сорттоочу пункт иштеп жатат. Читать дальше...

Кыргызстан волейбол боюнча CAVA Улуттар лигасында экинчи орунду ээледи

Azattyk.org 

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы CAVA Улуттар лигасында экинчи орунду ээледи. Мелдеш 18-25-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өттү. Волейбол федерациясы билдиргендей, мелдешке Кыргызстандын эки командасы (улуттук жана жаштар курамасы), Өзбекстандын, Түркмөнстандын, Ирандын 18 жашка чейинки курамасы, Монголиянын жана Непалдын курама командалары катышты. Оюндар айлампа иретинде өтүп, ар бир команда алты беттеш өткөрдү. Жыйынтыгында Ирандын 18 жашка чейинкилер арасындагы курамасы 6 оюндун баарында жеңишке жетип... Читать дальше...

ТИМ: Иркутскидеги калайман мушташта кыргызстандык 5 жаран жаракат алган

Azattyk.org 

23-июнда Орусиянын Иркутск облусундагы Жигалов районундагы газ кенинде иштеген кыргызстандык жана тажикстандык жарандардын ортосунда калайыман мушташ чыккан. 500дөн ашуун адам катышкан мушташта беш кыргызстандык жаран түрдүү жаракат алган, бир адам ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, Орусиядагы элчилик жабыркаган кыргыз жарандары менен байланышып, укуктук жардам берип жатканын маалымдады. "Элчиликтин консулу Иркутск шаарында окуя болгон жакка барып... Читать дальше...

Жогорку Кеңеште дагы бир нече депутат "агент" мыйзамынан баш тартты

Azattyk.org 

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарга каршы мыйзам долбооруна автор болгон дагы бир нече депутат анын азыркыдай редакцияда кабыл алынышына каршы экенин билдирип чыгышты. Депутат Лейла Лурова 26-июнда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып авторлуктан баш тартканын айтты: “Алгач “эл аралык уюмдар бөлгөн акча кандайча сарпталып жатканы тууралуу отчет талап кылынат” деп гана айтышкан болчу. Мисалы, ЛГБТга байланыштуу маселеде, ооба, мен аларды Глобалдык фонддон каржылоонун ачык болушун колдойм, себеби... Читать дальше...

"Кетебиз го деп чочулашты". Орусиядагы кырдаалдын мигранттарга таасири

Azattyk.org 

Орусиядагы соңку кырдаалдан улам Кыргызстанда рублдин куну төмөндөп, кайра турукташууда. Москвадан Кыргызстанга учкан авиакаттамдардын билети кескин кымбаттады. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги мигранттар арасында чочулоо болгонун, бирок мекенине жапырт кайтып кеткендер жок экенин билдирди.   Ал тапта Орусиянын бардык аймактарында 19-25-июнь күндөрү өткөрүлгөн “Нелегал-2023” аталган рейд аягына чыкты. Тышкы иштер министрлиги 24-июнда таркаткан маалыматка ылайык, Москвадагы чет өлкөлүк жарандарды... Читать дальше...

Казакстан: Январь окуясында бир үй-бүлөнү атып өлтүргөн деген аскерге өкүм чыкты

Azattyk.org 

Казакстанда кандуу Январь окуясында бир үй-бүлөнү атып өлтүргөн деп айыпталган аскер кызматкерине өкүм чыкты. Бүгүн, 26-июнда Алматы гарнизонунун Аскер соту аскер кызматкери Данияр Егембаевди “бийлигинен жана кызматтык укуктарынан аша чапкан” деген айыптын негизинде жети жылга эркинен ажыратты. Каза болгон үй-бүлөнүн жакындары мындай өкүмгө макул эмес экенин, кийинки инстанцияга кайрыларын айтышты. Окуя 2022-жылдын 8-январында, кандуу Январь деп аталып калган окуя учурунда болгон. Тергөөнүн маалыматына караганда... Читать дальше...

Инфекциялык ооруканага кайрылгандар көбөйүүдө

Azattyk.org 

Республикалык инфекциялык ооруканага кайрылгандар да, жаткырылгандар да көбөйүп жатканын бүгүн, 26-июнда “Азаттык” радиосуна оорукананын жетекчиси Гүлжигит Алиев билдирди. Анын айтымында, бейтаптардын көбү ашказан-ичеги органдарынын энтеровирустук инфекциясы менен кайрылгандар: “Мурда күнүнө 200-250нүн тегерегинде кайрылгандар болсо, бүгүнкү күндө 300дөн ашууда. Ооруканага жаткырылгандар мурда күнүнө 70-80 бейтап болсо, азыр 100дөн ашып жатат. Негизинен жаш балдар”. Алиев ашказан-ичеги инфекциясы менен кайрылгандар адатта жаздын аягы... Читать дальше...

Укук коргоочулар бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамга байланыштуу депутаттарга кайрылуу таратышты

Azattyk.org 

"Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын өкүлдөрү 26-июнда Жогорку Кеңеш имаратынын алдында депутаттарга "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүгө каршы кайрылуу таратышты.  “Биз сиздерден Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузбоону, коомдук уюмдарга, бейөкмөт уюмдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы антиконституциялык мыйзам долбоорлорун чакыртып алууну сурайбыз”, - деп жазылган кайрылууну жумушка кирип бара жаткан депутаттардын колуна беришти.  Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Укук тартиби... Читать дальше...

Бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам комитеттин күн тартибинен алынганы кабарланды

Azattyk.org 

“Чет өлкөлүк өкүл” тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин кезектеги отурумунун күн тартибинен алынып калганын парламенттик демократия жаатында алектенип келаткан юрист Таттыбүбү Эргешбаева 25-июнда билдирди. Анын айтымында, маселе комитеттин 27-июндагы отурумунун күн тартибине алтынчы болуп кирген, бирок кийин кайра алынып калган. “Азаттык” мыйзам долбоорунун автору Надира Нарматова менен 26-июнда байланышканда ал төмөнкүчө жооп берди: “Мен билбедим. Читать дальше...

Пригожиндин козголоңу: Орусияны эмне күтөт? 

Azattyk.org 

Орусияда “Вагнер” жеке менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин “куралдуу козголоңу” эки күнгө жетпей аяктады. Орус президенти Владимир Путин ага Беларуска чыгып кетүүгө уруксат бергени белгилүү болду. Азырынча Пригожин кайда экени так белгисиз.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Людмила Самсонова

Теннисистка Самсонова вышла в финал турнира в Хертогенбосхе






Актер сериала «Слово пацана. Кровь на асфальте» Сергей Базанов частично признал вину в разбое

Новосибирский ресторан победил в конкурсе рекламы и креатива по нацпроекту «Туризм и индустрия гостеприимства»

Свыше 300 пандусов установили и отремонтировали в подъездах Подмосковья с января

В Москве задержали трёх человек по делу о массовом отравлении едой из службы доставки