Газанын түштүгүндө гуманитардык абал оор
БУУ соңку күндөрдө 200 миңдей палестиналык Газанын түндүк бөлүгүн таштап кеткенин, түштүктө гуманитардык абал кескин начарлаганын 14-ноябрда билдирди. Маалымат боюнча тилкенин түндүгүндө бир гана оорукананын бейтаптарды кабыл алууга шарттары бар. Израил жергиликтүү тургундарды Газа шаарынан жана айланасындагы райондордон чыгып кетүүгө чакырган. Тилкенин түштүк тарабында орун алган баш калкалоочу жайлар толуп калган. БУУнун кызматкерлери 160 кишиге бир ажаткана туура келерин айтышат. Согуш башталгандан... Читать дальше...