Түрмөдөгү саясатчы Садыр Жапаровду коргоо кыймылынын төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев 3-майга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө жайына камалды. Мындай чечимди Биринчи май райондук сотунун судьясы Чыңгыз Бердимуратов 4-марттан 5-мартка караган түнү чыгарды. Осмоналиев “Азаттыктын” кабарчысына “митингде провокация болду. Бийликти басып алуу аракети болгон эмес” деп билдирди.
Буга чейин ушул эле соттун чечими менен Жапаровду коргоо кыймылынын Каракол шаардык штабынын башчысы Анара Дубанбаева да 3-майга чейин тергөө абагына камалды. Бул эки жаран “бийликти басып алууга аракеттенген” деген шек менен 2-марттагы митингден кийин кармалып, УКМКнын тергөө жайына киргизилген. Аларга Кылмыш кодексинин 39-беренесинин («Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү») негизинде доо коюлду.
Кылмышка шектүүлөрдүн адвокаты Шарабидин Токтосунов Осмоналиев менен Дубанбаева "негизсиз камалды" деп, Бишкек шаардык сотуна кайрыларын билдирди:
“Анара Дубанбаева болгону Караколдо штаб жетектеген экен. Эч кимди үгүттөгөн эмес. 200 кишини бул жакка жөнөткөн деген шылтоо болуп атат. Каныбек Осмоналиев экөөнүн тең аракеттеринде мыйзам бузуу жок.”
2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда чогулгандар менен милиция кагылышкан. Милиция митингдин катышуучуларын күч менен таратып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда таш ыргытылып, көчө боюндагы бир катар автоунаалар, имараттар жабыркаган.
Бул фактыны Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 264-беренесинин («Массалык башаламандык») негизинде каттап, сотко чейинки өндүрүш башталды. (BTo)
Создание Сайтов. Создание веб сайта. Создание сайта html. Создание сайтов цена. Создание и продвижение сайтов. Создание сайта с нуля. Создание интернет сайта.
C 20 по 26 мая 2024 года проходит Неделя профилактики заболеваний эндокринной системы
Как поделиться местоположением в WhatsApp: пошаговое руководство
МОСКОВСКИЙ ФЕСТИВАЛЬ ПОД ФЛАГОМ РУССКИХ СУПЕРГЕРОЕВ.
Five new Steam games you probably missed (May 20, 2024)
Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)
Always keep backups: an 'unprecedented' Google Cloud debacle saw a $135 billion pension fund's entire account deleted and services knocked out for nearly two weeks
Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)
Выставка славянских истоков «В бессмертье уходит всеведенье литер простых»
Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ
В Улан-Улан-Удэ пройдет летний дэгэлфлешмоб, организованный театром Бурдрамомы: Россия, Театр и Культура, Дети
Литературный монолог
«По праву памяти»,
к 105-й годовщине со дня рождения А.С. Крупнякова,
советского и российского писателя.