Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2020

Новости за 04.03.2020

Экс-депутат Каныбек Осмоналиев 3-майга чейин камалды

Azattyk.org 

Түрмөдөгү саясатчы Садыр Жапаровду коргоо кыймылынын төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев 3-майга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө жайына камалды. Мындай чечимди Биринчи май райондук сотунун судьясы Чыңгыз Бердимуратов 4-марттан 5-мартка караган түнү чыгарды. Осмоналиев “Азаттыктын” кабарчысына “митингде провокация болду. Бийликти басып алуу аракети болгон эмес” деп билдирди. Буга чейин ушул эле соттун чечими менен Жапаровду коргоо кыймылынын... Читать дальше...

Жапаровдун боштондугун талап кылып митингге чыккан Анара Дубанбаева эки айга камалды

Azattyk.org 

Ал Кылмыш кодексинин 39-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү») беренеси менен айыпталууда. Биринчи Май райондук сотунун 4-марттагы чечими менен Анара Дубанбаева 3-майга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды. Учурда сот Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингди алып барган коомдук ишмер Каныбек Осмоналиевдин бөгөт чарасын карап жатат. Каныбек Осмоналиев да УКМК тарабынан Кылмыш кодексинин 39-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү») менен айыпталууда. Читать дальше...

АКШ: Майкл Блумберг президенттик жарыштан чыкты

Azattyk.org 

Нью-Йорк шаарынын экс-мэри, миллиардер Майкл Блумберг Демократиялык партиядан президенттик шайлоого катышуу ниетинен баш тартты. Ал тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып, мындай чечимди бир катар себептерден улам кабыл алганын айтты жана мындан ары мурдагы вице-президент Жо Байденди колдой турганын жарыялады. Майкл Блумберг негизинен адаттан тыш, башкалардан айырмаланган шайлоо өнөктүгүн жүргүзүп жаткан эле. Ал шайлоочулар менен дээрлик жолуккан жок жана буга чейинки төрт штатта өткөн алгачкы дебаттарга катышкан эмес. Читать дальше...

Шайлоодо Трамптын башкы атаандашы ким болот?

Azattyk.org 

АКШда ноябрдагы президенттик шайлоодо Дональд Трамптын башкы атаандашы ким болору аныкталаарына аз калды. 3-март күнү 14 штатта уюшулган демократиялык партиянын талапкерди тандоо жарышында "аутсайдер", же оюндан чыкты деп эсептелип калган мурдагы вице-президент Жо Байден алдыга чыкты.

"Amnesty International": Ирандагы тоз-тополоңдо кеминде 23 бала өлгөн

Azattyk.org 

"Amnesty International" эл аралык укук коргоо уюму Иранда өкмөткө каршы нааразылык акцияларында полиция демонстранттарды кууп таратып, күч колдонгондо бери дегенде 23 бала ажал тапканын билдирди. Уюм 4-мартта тараткан билдирүүдө 12 жаштан 17 жашка толо элек 22 балага жана 8 жаштагы бир кызга ок тийгени, буга байланыштуу далилдери бар экени айтылат. Уюмдун Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча бөлүмүнүн өкүлү Филип Лютер "бул жагдай боюнча көз карандысыз, ачык-айкын, дыкат иликтөө" болушу керектигин билдирди. Читать дальше...

Жогорку Рада Гончарукту өкмөт башчылыктан бошотту

Azattyk.org 

Украинада Жогорку Рада 4-мартта кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министр Алексей Гончаруктун кызматын тапшыруу тууралуу арызын канааттандырды. Мунун алдында парламенттин Мамлекеттик бийликти уюштуруу маселелери, жергиликтүү бийлик жана шаар куруу комитети Гончаруктун бул арызын карап, ага макулдук берген жана комитет сунушун Жогорку Радага жөнөткөн. Алексей Гончарук кызматын тапшырыш үчүн алгач 17-январда арыз жазган. Мунун алдында анын президент Владимир Зеленскийди жамандаганы тууралуу тымызын жаздырылып алынган аудио тарап кеткен болчу.

8/365 демилге тобу: "Аялдардын тилектештик маршына" бут тосуу болуп жатат

Azattyk.org 

Бишкекте 8-мартка белгиленген "Аялдардын шериктештик маршын" болтурбоо тууралуу Биринчи май райондук администрациясы кайрадан сотко кайрылды. Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюштуруучусу, 8/365 деп аталган демилгелүү топтун жетекчиси Жанна Араева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, райондук администрация буга чейин да жүрүштү болтурбоо боюнча сотко кайрылып, бирок арызын кайтарып алган болчу: "Алар мурда биздин маршка айрым динчил көз караштагы жана "Чоролор" каршы болуп жатышканын жүйө кылып... Читать дальше...

Эски-жаңы партиялар шаардык мандатты талашат

Azattyk.org 

Беш шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого катышууга 22 партия арыз берди. Алардын азы гана бардык жерде жарышка түшсө, айрымдары эки-үчтөн, айрымдары бирден гана калаада ат салышмакчы.



Кой-Таш окуясы: Абактагылар прокурорду айыпташты

Azattyk.org 

Кой-Таш окуясына байланыштуу абакта жаткандар 4-мартта мамлекеттик айыптоо тобунун жетекчиси, прокурор Темирбек Бекмаматовду айыптаган билдирүү таратышты. Ал эми прокурор дооматтарды четке какты.

Штаб: Коронавирустан сактануу үчүн массалык иш-чараларды чектөө зарыл

Azattyk.org 

Коронавирустун алдын алуу штабы жарандарга эл көп чогулуучу жерлерге барбай, массалык иш-чараларды чектөөнү сунуштады. Бул сунуш жугуштуу илдеттин өлкө аймагына кирүүсүнүн жана жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында берилип жатканы штабдын 4-марттагы жыйынында айтылды. Жыйында ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин демилгеси менен айрым эл көп чогулуучу иш-чаралар токтотулганы жөнүндө да кабарланды. Сунуш бардык жергиликтүү бийлик башчыларына тааныштырылган. Штабдын мүчөлөрү жарандарды... Читать дальше...

Казакстан: токойчунун өлүмүнө шектүү 18 жылга кесилди

Azattyk.org 

Казакстандын Көкшетау шаардык соту браконьерлердин колунан ажал тапкан токойчу-инспектор Каныш Нуртазиновдун иши боюнча 4-мартта өкүм чыгарды. Анда кылмышка шектүү Анатолий Бонякевич 18 жылга эркинен ажыратылды. Былтыр 23-июлда Акмоло облусунда инспектор Каныш Нуртазинов шериги Самат Оспанов экөө бөкөнгө мыйзамсыз ууга чыккан аңчылардын изине түшүп кууп баратканда, браконьерлер токойчуларды аткан. Анда Самат Оспановго ок тийип жарадар болгон, Нуртазинов алган жараатынан ооруканада ажал тапкан.... Читать дальше...

Идлибде дагы эки түрк жоокери окко учту

Azattyk.org 

Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб провинциясындагы аскердик операцияда Түркия дагы эки аскерин жоготту. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлады. Ошентип аймактагы Анкаранын аскерий операциясы башталгандан бери 59 түрк жоокери ажал тапты. Өткөн аптада Идлибде Башар Асаддын армиясынын абадан урган соккуларынан улам Түркия 33 аскеринен айрылган. Анкара бул аймакта акыркы жумада Орусиянын кыргын салуучу учактары абадан сокку уруп жатканын айтып чыккан. Түркиянын жана Орусиянын... Читать дальше...

Ирактан Азербайжанга 82 бала кайтарылды

Ca-irnews.com (kg) 

Ирактын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ахмед ас-Сахаф ИШИМ террордук уюмунун катарына кошулуп кеткен азербайжандык жарандардын   82 баласы мекенине кайтарылганын маалымдады.

Ноокен: жети адамдын өмүрүн алган кырсык

Azattyk.org 

Бишкек-Ош жолунда түндө болгон кырсыктан жети адам каза тапты. Алардын арасында бир машинеде бараткан айылдаштар жана бир туугандар да бар. Ал эми ооруканага түшкөндөрдүн үчөө Өзбекстандын жарандары.

Өзгөндөгү он балалуу орус уста

Azattyk.org 

Өзгөн районунун Куршаб айылындагы Копытиндерди муздаткыч оңдоочу жана көп балалуу үй-бүлө катары таанышат. Он баланы чоңойтуп жаткан ата-эне муздаткыч, тиричилик буюмдарын оңдоочу чакан устакананы иштетип жан багышат.

Кой-Таш окуясы: Соттолуучулардын бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калды

Azattyk.org 

Кой-Таш окуясына байланыштуу ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков жактоочулардын бул иш боюнча камакта отургандардын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн четке какты. Мындай чечимди ал 4-марттагы баштапкы соттук жыйында кабыл алды. 2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган. Читать дальше...

Новости России
Москва

Sqwoz Bab тур при партнерстве Like FM


Жакишевдин түрмөдөн чыгышынын сыры

Azattyk.org 

Казакстанда Назарбаев режиминин курмандыгы катары таанылган Мухтар Жакишевди шарттуу бошотуу тууралуу чечим күчүнө кирди. Ал жалпысынан 11 жыл камакта жатты.

Кой-Таш окуясы: Абактагылар прокурор Бекмаматовду айыпташты (видео)

Azattyk.org 

Кой-Таш окуясына байланыштуу абакта жаткандар мамлекеттик айыптоо тобунун жетекчиси, прокурор Темирбек Бекмаматовду айыптаган билдирүү таратты. Ага экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов, Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев жана ошондой эле Канат Осмоналиев, Фархат Баабиев жана Карыпбек уулу Рыспек кол койгон. Билдирүүнү журналисттерге Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева окуп берди. Читать дальше...

Куулган митинг: кимге кандай сабак?

Azattyk.org 

Камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин Бишкектеги митинги бейбаштык менен коштолуп, 100дөн ашык адам кармалды. Күч органдары бийликти басып алуу аракети болду десе, Жапаровдун жакындары чагымчылдык орун алганын айтышууда. Бул кырдаалдын жоопкерчилиги кимде жана кандай сабак алынышы керек? Талкууга парламенттин мурдагы төрагасы, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров, экс-премьер-министр, “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев, парламенттин мурдагы депутаты Надира... Читать дальше...

Токиодогу жайкы Олимп оюндарынын мөөнөтү жылбайт

Azattyk.org 

Эл аралык олимпиада комитети 24-июлдан 9-августка чейин Жапониянын борбору Токио шаарында өтө турган Олимп оюндарынын датасын башка күндөргө жылдырбайт. Мындай чечимди аталган комитет коронавируска байланыштуу жагдайды талкуулагандан кийин кабыл алды жана бардык спортчуларды мелдештерге даярдана берүүнү, машыгууну токтотпоого чакырды. Олип оюндарын Токиодо өткөрүү келишиминде мелдештерди ушул жылдын аягына чейин жылдыруу мүмкүнчүлүгү да каралган, бирок акыркы чечимди Эл аралык олимпиада комитети гана кабыл алат. Читать дальше...

Жаш премьердин жарым жылдык башкаруусу

Azattyk.org 

Украинанын премьер-министри катары жарым жыл гана иштеген Алексей Гончарук кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды. 4-мартта кезексиз жыйында Жогорку Рада премьерликке Денис Шмыгалды шайлайт деп күтүлүүдө.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

WTA предвкушает дуэль Елена Рыбакина — Юлия Путинцева на турнире в Мадриде






В горящем здании на востоке Москвы частично обрушилась кровля на 1 тыс. кв. м

Административное здание загорелось на востоке Москвы

ЦСКА и "Зенит" сыграли вничью в Кубке России

Собянин: На Пасху городской транспорт будет работать дольше