Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Май
2020

Памирден келген кыргыздар үчүн жети үйдүн курулушу башталды

0
Памирден келген кыргыздар үчүн үйлөрдүн курулушу Ош облусунун Алай районуна караштуу Талды-Суу айылында башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгү билдирди. 


Курулуш иштери менен өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев таанышты. Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда турак жай үчүн казынадан 10 миллион сом каражат бөлүнгөн.


Өткөн жылдын аягында Ооганстандан он үй-бүлө өз демилгеси менен көчүп келген. Алар Сары-Могол айылындагы эски мектептин имаратына жайгаштырылган. Жергиликтүү бийлик боордошторду тамак-аш, отун менен камсыз кылып жатат. (DU)

Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса