Ооганстан Пакистан менен чек арасындагы атышууда 15 жайкын тургуну мерт болгонун билдирди жана буга байланыштуу Исламабадды күнөөлөдү. Ушундан улам Кабул чек арадагы аскерлерин күжүрмөн даярдыкка келтирди.
Окуя Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан провинциясында, Чаман аймагында болгон.
Күбөлөрдүн айтымында, бир канча күндөн бери жоон топ адам чек ара өткөрмө бекетинин жанында отуруп алып каршылык акциясын өткөрүп жаткан. Алардын айрымдарынын чыдамы түгөнүп, карантин борборун өрттөп жиберишкен. Ошондон улам чек арачылар ок атышкан. Күбөлөр эки өлкөнүн коопсуздук күчтөрү да өз ара атыша кеткенин айтып беришти.
Нааразылык акциясын өткөрүп жаткандар буга чейин чек арадагы соода-сатык менен жан баккан, коронавирус пандемиясынан улам кирешесиз калган жергиликтүү тургандар болчу. Ошондой эле чек аранын эки тарабында тең Курман айт майрамын утурлай үйлөрүнө кайтууну каалаган жарандар топтолгон. Алар Пакистан тарап чек арасын ачпай койгонуна нааразы болушкан.
Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Кудеши жагдайды ооган тарап менен талкуулашарын, тынчтык жол менен жөнгө салынат деп ишенерин билдирди.
Эки мамлекеттин чек арасынын жалпы узундугу 2430 чакырымды түзөт жана аны 1893-жылы ошол кезде Британиянын карамагында турган Индия менен Ооган эмирлиги демаркациялаган.
Эки өлкөнүн чек арасында кагылышуу сейрек катталат, бирок адатта абал чыңалган учурлар маал-маалы менен болуп турат.
Как Россия уступила Азербайджану значительные территории Дагестана и два села
Bluetooth-сканер штрих-кодов SAOTRON P04 на базе CMOS-матрицы
Концертный директор для музыкантов. Концертный директор для певцов. Концертное агентство в Москве. Букинг агентство. Организация концертов и гастролей.
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона
Россия и КНДР обсудили возможность запуска прямых авиарейсов
ЭКСПЕРТ АНАТОЛИЙ ГОЛОД ПРЕДЛАГАЕТ СЕНСАЦИОННО УЛУЧШИТЬ НАЛОГОВУЮ СФЕРУ!
СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.
СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.
В России запустили бесплатного цифрового ЗОЖ-помощника
Как Россия уступила Азербайджану значительные территории Дагестана и два села
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона
Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети: Учащиеся Гурульбинской школы восхитились мастерством жонглирования, игрой с хула-хупами, иллюзионистами цирка Бурятии
Hyundai привозит в Россию старый добрый седан по цене LADA Vesta