Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2020

БШК 15 саясий партиядан 1912 талапкерди каттады

0
БШК 15 саясий партиядан 1912 талапкерди каттады

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына шайлануучу 1912 талапкерди каттады. Алар 15 саясий партиянын тизмеси менен сунушталган. БШКнын маалыматына караганда, жалпысынан саясий партиялар 1957 талапкерди сунуш кылган. Мунун ичинен 45 талапкер жарышка түшүүдөн өз каалоосу менен баш тартты.

Катталган 1912 талапкердин 618и аялдар. Бул жалпы талапкерлердин 32,32% түзөт.

1. «Ооган жана башка согуштардын ардагерлери» партиясы 78 талапкер көрсөттү. Анын ичинде 45и эркек, 33ү аял.

2. «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан 150 талапкер катталды. Анын 101и эркек, 48и аял.

3. «Ата Мекен» социалисттик партиясы 150 талапкер көрсөткөн. 100ү эркек, 50сү аял.

4. «Мекенчил» партиясынан 92 эркек, 44 аял талапкер катталды.

5. «Бир Бол» саясий партиясынан 108 талапкер катталды. Анын 108и эркек, 68и аял.

6. «Ыйман Нуру» партиясынан 101 талапкер катталса, анын 31и аялдар.

7. “Замандаш” саясий партиясынан жалпы 156 талапкер катталды, алардын 49у аялдар.

8. «Чоң Казат» партиясынан 81 талапкер катталды, 24ү аялдар.

9. «Реформа» саясий партиясынан 84 талапкер көрсөтүлгөн, 29у аялдар.

10. «Республика» саясий партиясынан 116 талапкердин ичинен 50сү аялдар.

11. «Социал-демократтар» партиясы 101 талапкер сунуш кылган, алардын 34ү аялдар.

12. «Биримдик» демократиялык партиясы 200 талапкер көрсөткөн, алардын 60ы аялдар.

13. «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы да 200 талапкер сунуш кылган. Алардын 60ы аялдар.

14. «Ордо» саясий партиясынан 101 талапкер көрсөтүлсө, 32си аялдар.

15. «Кыргызстан» саясий партиясынан 102 талапкер, 34ү аялдар.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган. Борбордук шайлоо комиссиясы 3-октябрь күнү шайлоого 15 саясий партияны талапкер кылып каттады. Шайлоого катышуу укугунан «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партияларын ажыратты. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы БШКнын чечимин «саясий чечим» деп билдирип, сотко кайрыларын билдирүүдө. (ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Соболенко испытала проблемы после снятия Рыбакиной с турнира в Риме






В РПЛ сменился лидер турнирной таблицы

6-летний сын актрисы Марианы Дердерьян погиб при пожаре из-за решеток на окнах

Несколько автомобилей столкнулись на 69-м километре МКАД

В ДТП с грузовиком на МКАД один человек погиб и двое пострадали