Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2020

Беларус: Гроднодо милиция демонстранттарды кууп таратты

0
Беларус: Гроднодо милиция демонстранттарды кууп таратты

Беларустун Минскиден башка дагы бир катар шаарларында шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон жарандар 6-сентябрда каршылык акцияларына чыгышты. «Азаттыктын» беларус кызматы Гроднодо күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери шаардын борборун көздөй бараткан демонстранттардын тобун кууп таратканын, айрымдарын кармап кеткенин маалымдады. «Медиазонанын» кабарына караганда анда милиция тамак кычыштырып, көздөн жаш агызган газ колдонгон болушу мүмкүн.

Брест шаарында каз-катар тизилип алып жүрүшкө чыккан демонстранттар орто жолдон кайтты, алардын жолун милиция тороп турду. Бобруйскиде Ленин аянтына ак-кызыл-ак түстүү желек көтөргөн 300дөй адам топтолду. Витебскиде да демонстранттар жүрүшкө чыгып, милиция жолтоо болгондуктан кайра Эркиндик аянтына кайтып келишти.

Гомелде болсо жүздөгөн адамдар облустук аткаруу комитетинин алдына чыгып «Уят!» деп кыйкырып турушту. Ушундай эле акциялар Могилевдо да өтүп жатат.

Беларуста соңку президенттик шайлоодо азыркы президент Александр Лукашенко жеңүүчү деп жарыяланган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес жана жарандарды тынч нааразылык акциясына чыгууга үндөгөн. Ошондон бери Минск баштаган бир катар шаарларда миңдеген адам Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып жапырт каршылык акцияларына чыгып жатат.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анна Блинкова

Россиянки Аванесян и Блинкова вышли во второй тур турнира в Риме






Гвинейские военные попросили 16-летнего сына Кадырова обучить их стрельбе

«Мне нравится жить в лесу». Судьба детей-актеров СССР из взрослых фильмов

В ДТП с грузовиком на МКАД один человек погиб и двое пострадали

Несколько автомобилей столкнулись на 69-м километре МКАД