Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2020

Асрандиев: Бюджетте бир топ жоготуу болду, пенсия жана айлык акы сырттан келген акчадан төлөндү

0
Асрандиев: Бюджетте бир топ жоготуу болду, пенсия жана айлык акы сырттан келген акчадан төлөндү

Бюджеттик абал пандемияга байланыштуу оорлогондуктан кыргыз өкмөтү айлык акы менен пенсияны сырттан келген акчадан төлөп берип жатты. Бул тууралуу 9-сентябрда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан сырткы булактардан 338 миллион доллар келип түштү, анын 207 миллиону сарпталды.

Бул акча саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаал системаларын каржылоого, буудай жана ун сатып алууга, муктаждарга азык-түлүк таратууга жана бюджеттик төлөмдөргө жумшалды. 

«Акыркы 6-7 айда бюджетте бир топ жоготуу болгонуна карабастан пенсия, жөлөкпул жана бюджеттик мекемеде иштегендерге айлык акы өз убагында жана толук берилип жатты. Бул каражат ошого да жумшалды», - деди ал.

Асрандиев соңку бир айда абал турукташа баштаганын белгилеп, эми акча таза суу, ирригация жана ишкерликти колдоо сыяктуу экономикалык долбоорлорго, жол, мектеп, оорукана курууга жана оңдоого жумшала баштаганын айтты.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы март айынын этегинде башталып, ооругандар да, каза болгондор да эң көп катталган учур июль айына туш келген. Кырдаалдан улам өзгөчө абал жарыяланып, дээрлик бардык тармактар убактылуу токтогон. Азыр айрым аймактарда өзгөчө кырдаал режими уланууда.  

Эпидемияга байланыштуу Кыргызстан бир катар эл аралык уюмдарга каржылык жардам сурап кайрылган. (RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анастасия Павлюченкова

Павлюченкова вылетела с турнира в Риме






Клуб «Ночные волки» открыли мотосезон в столице

В Подмосковье в ночь на воскресенье ожидаются заморозки до минус 1 градуса

«С понедельника станет бесплатным для всех пенсионеров». Новая льгота вводится с 13 мая

«Динамо» выиграло 6 из 7 последних матчей, в РПЛ – 5 подряд