Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2020

Зилалиевдин иши боюнча соттук отурум 11-сентябрда уланат

0
Зилалиевдин иши боюнча соттук отурум 11-сентябрда уланат

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча соттук отурум 11-сентябрда уланат. Бул тууралуу иш каралып жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме тараткан маалыматка ылайык, 7-сентябрдагы жараянда күбө Кутманов суракка алынды. Түштөнүү убактысы болуп калгандыгына байланыштуу сот саат 14:30га чейин тыныгуу жарыялаган. Белгиленген убакытка айыпталуучунун адвокаттары келбегендиктен соттук отурум 11-сентябрга жылдырылды.

Башкы прокуратура Дүйшөнбек Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деген жүйө менен «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурат. Зилалиев айыптарды четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет. (BTo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Казахстан узнал еще одну печальную новость после сюрприза Рыбакиной






Когда владельцам квартир приходится по закону платить за соседей, рассказал эксперт

Посол РФ сообщил о планах властей Маврикия внедрить карты «Мир»

В Подмосковье в ночь на воскресенье ожидаются заморозки до минус 1 градуса

"Динамо" обыграло "Балтику", дважды забив в компенсированное время