Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2020

«Чек арада» тасмасы «АРТкино» фестивалында байгелүү орун алды

0
«Чек арада» тасмасы «АРТкино» фестивалында байгелүү орун алды

Кыргызстандык режиссёр Тынчтык Абылкасымовдун «Чек арада» тасмасы Орусияда «АРТкино» кинофестивалында байгелүү орунга татыды. Режиссёр  29-сентябрда «Азаттык» радиосуна кабарлагандай, фильм «20 мүнөткө чейинки эң кыска метраждуу мыкты тасма» номинациясында жеңүүчү аталды. 

««Чек арада» тасмасынын сценарийин тажик драматургу, жазуучусу Искандар Усманов жазган. Тасмада коңшу эки өлкөнүн чек арачыларынын туткунуна түшүп калган карыянын жашоосу чагылдырылган», - деди ал.

Фильм 2019-жылы тартылган, аны жаратууга эки ай убакыт кеткен.

Автордук кыска метраждуу тасмалардын «АРТкино» фестивалы Москвада өттү. Анын жеңүүчүсү аталган фильмдер Орусиянын жана КМШ мамлекеттеринин аймагында көрсөтүлөт.

Кинорежиссёр, актёр Тынчтык Абылкасымовдун бул эмгеги быйыл июль айында онлайн өткөн «Link» («Link International Film Festival») эл аралык кинофестивалында да жеңүүчү болгон. (MSd)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Павлюченкова и Потапова не смогли выйти в финал турнира WTA в Мадриде в парном разряде






Одна из «башен Кремля» задумала захват власти в России – Сивков

Лавров заявил, что Кэмерон не сожалеет о словах про удары ВСУ по РФ

Яд в банках: в популярных марках кофе Росконтроль выявил фальсификаты

Песков: Изъятие активов России станет «солидным гвоздем» в гроб западной экономики