Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2020

Канада жана Улуу Британия Тоолуу Карабактагы абалга тынчсызданды

0
Канада жана Улуу Британия Тоолуу Карабактагы абалга тынчсызданды

Канада менен Улуу Британиянын тышкы иштер министрлери Тоолуу Карабактагы абалга тынчсызданып, бирдиктүү билдирүү таратышты. Анда алар эки өлкөнү Тоолуу Карабактагы атышууну дароо токтотууга чакырышкан.

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб жана анын канадалык кызматташы Франсуа-Филипп Шампан аймактагы калктуу конуштарга ок атылышына жана жайкын тургундар арасында каза болгондор бар экенине терең тынчсызданганын билдиришти.

Эки өлкөнүн башкы дипломаттары абалды жөнгө салыш үчүн ЕККУнун төрагалыгы алдындагы Минкс тобунун алкагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча демилгени колдошту.

29-сентябрда БУУнун Коопсуздук кеңеши Тоолуу Карабактагы абал боюнча чукул сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү кабарланды. Учурда бул чатакка Орусия менен Түркиянын аскерлеринин аралашуу ыктымалдыгы эл аралык коомчулукту тынчсызданууда.

Өткөн аптанын соңунда курчуп кеткен абалдан улам кеминде 58 армян аскери жана жети азербайжандык жайкын тургун набыт кеткени кабарланды. «Азаттыктын» армян кызматы 28-сентябрь кечинде дагы 26 армян аскери каза болгону жөнүндө эл аралык коомчулук Тоолуу Карабак аймагынын башчыларына таянып жазып чыкты.

Азербайжан менен Армения 1990-жылдагы Тоолуу Карабак чатагынан бери касташып келатат. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган. 30 миңдей кишинин өмүрүн алган бул чатакты жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттерден азырынча майнап чыга элек. Бул аймакта улам-улам куралдуу кагылышуулар болуп келген. 

Бирок акыркы кагылышуу курч мүнөздө болуп, Азербайжан менен Армениянын жетекчилиги аны cогуш деп аташты. Эки тарап тең чатактын башталышы үчүн бири-бирин айыптап жатат.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Соболенко уступила Свентек в финале турнира WTA-1000 в Мадриде






Москва не сразу устроилась // Столичная оппозиция продолжает поиск кандидатов на выборы в Мосгордуму

Спасибо за верность небу и своей профессии!

Не всегда готовы: в России упал спрос на детские лагеря у моря

«Побеждаем тьму»: что принесет с собой новолуние 8 мая и чего не стоит делать в этот день