Навальный ачкачылык кармай баштады
Абактагы саясатчы Алексей Навальныйдын ден соолугу күн өткөн сайын начарлоодо. Ошол эле маалда ал медициналык жардам алуунун ордуна түнкүсүн уйку көрбөй, укуктары одоно бузулууда. Навальный аргасыздан ачкачылык кармоону баштады.
Москвадан 100 чакырымдай алыс жайгашкан Владимир облусунун Покров шаарындагы №2 колонияда отурган Алексей Навальный мекеменин жетекчилигин мыйзамды аткарып, ага чакырылган дарыгерди киргизүү талабы менен 31-мартта ачкачылык кармоону баштады. Анын билдирүүсүн саясатчынын жактоочулары интернетке чыгарышты.
«Мен дарыгер чакырып, дары-дармек алганга укугум бар. Бирок, мага анысын да, мунусун да беришпей жатат. Белимдин оорусу бутума өтүп кетти. Башында оң бутумдун, азыр эми сол бутумдун айрым жерлери эч нерсени сезбей баратат. Тамаша-тамашасы менен, бирок, бул менин чыдамымды кетирди», деп жазылат Навальныйдын «Инстаграмдагы» баракчасында.
Оппозициячы ага медициналык жардам берүүнүн ордуна түрмө башчылыгы анын түн уйкусун бузуп, уктатпай кыйнап жатканын баса белгилеген. Саясатчы абак күзөтчүлөрү анын камерасына бир түндө сегиз жолу кирип, ойготуп жатышканын, анын азыр ачкачылык кармагандан башка, өзүн коргой турган куралы калбаганын билдирген.
БУУнун 1999-жылы кабыл алынган Стамбул протоколуна ылайык адамды уйкудан калтыруу - кыйноо деп эсептелет.
Навальный ден соолугуна 24-марттан бери арызданып келет. Абакта ага медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканын айтып, түрмөнүн жетекчилиги чет жактан өзү чакырган ишенимдүү догдурду да киргизүүгө уруксат бербей жатканына даттанууда.
Жаза аткаруу кызматы оппозициячынын «ден соолугу канааттандырарлык» деген билдирүү жасап, андан соң Навальныйды абактан тышкары жайгашкан ооруканага алып барып, МРТ жасашканы белгилүү болду.
Бирок, Навальный өзү да, анын жактоочулары да бул анализдердин жыйынтыктарын көрө электигин айтышат.
31-мартта Федералдык Жаза аткаруу кызматы дагы бир билдирүү таратып, анда Навальныйга азыркы абалына жараша абакта бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын белгилөөдө.
Ал эми Кремлдин басма сөз кызматы болсо Навальныйдын ден соолугуна тынчсыздануулар боюнча «президенттин администрациясы соттолгондор менен жаза өтөп жаткандардын саламаттыгын көзөмөлдөбөйт, бул түрмө жетекчилигинин милдети» деген позицияны карманып келет.
Навальныйдын өмүрүнө коркунуч жаралганын айтып, ага тез арада чет жактан медициналык кызматкерлерди алып келип, өзүнчө текшерүүлөрдөн өткөрүүнү коомдук ишмерлер, укук коргоочулар менен догдурлар талап кылып, орус бийлигине кайрылып жатышат. Саясатчынын ден соолугу начарлап кеткенин былтыр ууландырылышына байланыштырган медицина кызматкерлери саясатчыга Берлиндеги «Шарите» клиникасынан адистерди чакырууга да мүмкүнчүлүк берүү керектигин белгилешет.
Шаршембиде Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Германиянын канцлери Ангела Меркель Владимир Путин менен болгон видео байланышта Навальныйдын абакта укуктарынын бузулушуна жол бербей, анын саламаттыгын сактоого чакырышкан.
Былтыр августта нервди шал кылуучу «Новичок» уулуу заты менен ууландырылган саясатчы дарылануудан кийин февралда Берлинден Москвага кайтып келген. Бирок, ал 2014-жылкы кылмыш иш боюнча «шарттуу жазанын эрежелерин сактаган жок» деген доо менен 2,5 жылга соттолгон.