Дүйнөдө адам укуктары боюнча абал начарлады
АКШнын Мамлекеттик департаменти жылдык баяндамасында дүйнөдө адам укуктары боюнча жалпы абал начарланганын билдирди. Докладда Кыргызстандагы бажыдагы коррупция жана ага байланыштуу журналисттик иликтөө жүргүзгөн журналисттердин коопсуздугу, дегеле өлкөдөгү адам укуктары боюнча абал тууралуу айтылат.
АКШнын Мамлекеттик департаменти адам укуктарына байланыштуу жылдык баяндамасын жарыялады. Анда дүйнөдө бардык өлкөлөрдө адам укуктарын коргоо боюнча абал улам начарлап баратканы белгиленет.
«Бүгүн жарык көргөн баяндама адам укуктары жаатындагы тенденциялар жаңылыш багытта баратканын көргөздү. Дүйнөнүн бардык чөлкөмдөрүндө ушундай көрүнүш өкүм сүргөнүнүн байкадык», деди АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен брифингде.
Баяндамада Орусияда былтыр оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный нервди шал кылуучу химиялык зат менен ууландырылганы, Берлинде даарылануудан кийин Москвага кайтканында кармалып, түрмөгө кесилгени сынга алынат. Документте Навальныйды Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлери ууландырганын тастыктаган «ишенимдүү маалыматтар» бардыгы айтылат.
Ошондой эле Чеченстанда ЛГБТ өкүлдөрүнө каршы кампания жүрүп, кумса деген шек менен адамдар куугунтукка, кыйноолорго кабылып жатканы, адамдар эч тергөөсүз жана сот өкүмү жок эле өлүм жазасына тартылып, өлтүрүлгөнү кошумчаланат. Бейөкмөт уюмдар менен көз карандысыз маалымат каражаттарынын билдирүүлөрү боюнча чечен бийлигине каяша айтып же каршы чыккандарга чет өлкөлөрдө да коркутуулар менен кол салуулар болуп жатканы баса белгиленет.
Ал эми «авторитардык өлкө» деп белгиленген Беларуста былтыр адам укуктары бузулган жагдайлар тизмеленип берилген. Президенттик шайлоо алдында жана андан кийин тынч жыйындарга чыккан адамдарга күч колдонулганы, алар жапырт камакка алынып, жазага тартылганы, ошондой эле өлкөдө маалымат каражаттары менен сөз эркиндигине басым күчөтүлгөнү чагылдырылган.
«Бийлик бардык деңгээлде мыйзамсыздыкка барып, адам укуктарын бузган өкмөттүк жана күч кызматкерлерин жоопко тартууга эч кандай аракет көрүшкөн жок» деп жазылат документте.
Өзгөчө докладда Кытай бийлигинин Шинжаң Уйгур автоном районундагы (ШУАР) уйгур жана башка мусулман азчылыктарына карата жүргүзгөн өктөм саясаты кескин сынга алынган. Миллиондогон адамдарды этникалык тегине карап камакка алып, «тарбиялоочу лагерлерде» мажбурлап кармап, мажбурлап иштетип, төрөттү чектөө үчүн стерилизация сыяктуу ыкмаларды колдонуу, кыйноолор, эркиндиктерин чектөө - «геноцид», «адамзатына каршы кылмыш», «мамлекеттин жарандарына жасаган кылмышы» катары айыпталган.
Ал эми Кыргызстан боюнча бир нече жагдай «кооптуу тенденция» катары мүнөздөлгөн. Сөз эркиндиги жана оюн эркин билдирүү жаатында жаралган коркунучтарга көңүл бурулуп, жарандык коом менен маалымат каражаттарынын кызматкерлерине кысым күчөгөнү белгиленет.
Баяндамада «Азаттык» радиосу, «Клооп» медиасы жана «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун» жүз миллиондогон долларлык коррупциянын бетин ачкан 2019-жылкы иликтөөлөрүнөн кийин журналисттер кабылган коркунучтарга басым жасалат.
Мамдепартамент «Эркин Европа/Азаттык» радиосу кыргыз бажысынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов аралашкан иликтөөнү жүргүзгөн журналисттердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө болгон коркунучтан жана саясий куугунтуктоодон кооптонуп, башка аймактарга чыгарып кетүүгө аргасыз болгону белгиленет.
Быйыл 11-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимовду бажыдагы коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, ага 260 миң сомдук айып пул чегерген. 18-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке сурак бергенден кийин Матраимов кылмыштуу кирешени адалдаштырууга байланыштуу экинчи жолу кармалган.
Мындан тышкары АКШ мамдепартаментинин докладында БУУнун укук коргоочу Азимжан Аскаровду бошотуу тууралуу көптөгөн чакырыктарына карабай анын абакта каза болушу, Кыргызстанда күч кызматкерлери камакка алып, Өзбекстанга өткөрүп берген журналист Бобомурод Абдуллаевдин кыргыз абагындагы кыйноолор тууралуу билдирүүлөрү, тынч жыйындарга чыккан адамдарга кол салган ашынган улутчулдардын жазасыз калышы, күч кызматкерлеринин куугунтугуна арызданган жарандык активисттердин кайрылууларынын жоопсуз калышы сыяктуу окуялар саналат.
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жаңы бийликти Мамдепартаменттин докладында баяндалган бул окуяларды иликтеп, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо артка кетпөөгө чакырган.
«Кыргызстан эмне себептен Борбор Азиядагы эң демократиялык мамлекет экенин көрсөтө турган убакыт келди. Биз Жапаровдун жаңы өкмөтү жарандык коомду, укук коргоо органдары менен укук коргоочу уюмдарды, сот системасын адам укуктарын коргоодо биримдикке үндөп, укук бузуучуларды жоопко тартууда аракеттерин күчтөндүрөт деп ишенебиз» деп айткан АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу.
Мамдепартаменттин 2019-жыл үчүн баяндамасында Кыргызстанда балдардын эмгегин пайдалануу, коррупция, кыйноо, сөз эркиндигин чектөө, саясий куугунтук, ЛГБТнын жана аз улуттардын өкүлдөрүн басмырлоо сыяктуу терс көрүнүштөрдү белгилеген. Мындан сырткары Кыргызстанда мыйзам бузган аткаминерлер жазасыз калып жатканы айтылган.
Докладда дүйнөдөгү 200дөй мамлекетте бийликтин жарандардын фундаменталдуу укуктары менен эркиндиктерин канчалык урматтап же тескерисинче бузганын талдаган баяндаманы расмий Бишкек сындап, Тышкы иштер министрлиги жалпы абалды аныктоодо өкмөттүк эмес уюмдардын эле эмес, расмий булактардын да маалыматтарын эске алууга чакырган.
АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жаңы бийликти Мамдепартаменттин докладында баяндалган бул окуяларды иликтеп, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо артка кетпөөгө чакырган.